Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 марта 2021 года № 85 "О вопросах Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-10.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №117 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2013-жылдын 4-июнундагы № 312, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 ,2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225, 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549, 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 , 2019-жылдын 19-февралындагы № 60, 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги төмөнкүлөрдүн укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин, туризм, өнөр жай, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарба рынокторун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функцияларды кошпогондо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу саясаты функциясынын бөлүгүндө;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин, минералдык ресурстарды башкаруу саясаты функциясынын бөлүгүндө.
3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасына;
- (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жактырган санда штаттык бирдиктерди эмгек акы төлөө фондусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берилүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын жана документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен бирдикте аныктасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жактырган санда штаттык бирдиктерди эмгек акы төлөө фондусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берилүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын жана документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен бирдикте аныктасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигин каржылоону учурдагы финансы жылы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жактырган санда штаттык бирдиктерди эмгек акы төлөө фондусу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине өткөрүп берсин;
2) аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилүүчү товардык-материалдык баалуулуктардын жана документтердин тизмесин ушул пункттун 1-пунктчасында аталган мамлекеттик органдар менен бирдикте аныктасын;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
4) министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 678 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу" токтомунун 3-пункту.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 31-декабрындагы № 661 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасында "Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр жок болгондуктан, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 60 токтому менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 20 · цитата келтиргендер: 35 · байланышкандар: 8
Цитата келтиргендер (35)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №678 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу" токтомуПостановление · 26.10.2011 · № 678
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз…Постановление · 31.03.2016 · № 412-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-июлундагы № 280-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору"…Распоряжение · 26.07.2019 · № 280-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 303-б (Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана "кыргыз банктар бирлиги" Южб өз ара…Распоряжение · 03.07.2015 · № 303-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 октября 2010 года № 249 "О Государственном агентстве по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной…Постановление · 20.10.2010 · № 249 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 19.06.2017 · № 389 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 727 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.10.2016 · № 549 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2014 · № 158 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча…Постановление · 28.05.2012 · № 337 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуПостановление · 19.02.2019 · № 60
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851-токтомуПостановление · 10.12.2015 · № 851
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 772 токтомуПостановление · 24.11.2017 · № 772
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 29 апрелиндеги № 225 токтомуПостановление · 29.04.2016 · № 225
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 31.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 18-мартындагы № 158 токтомуПостановление · 18.03.2014 · № 158
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрдагы № 599 токтомуПостановление · 08.12.2020 · № 599
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №333 токтомуПостановление · 28.06.2019 · № 333
35 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (20)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №678 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу" токтомуПостановление · 26.10.2011 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 727 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 октября 2010 года № 249 "О Государственном агентстве по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной…Постановление · 20.10.2010 · № 249 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2011 · № 762 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2016 · № 642 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери…Постановление · 27.09.2016 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика…Постановление · 19.02.2019 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2011 · № 596 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2013 · № 312 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө"…Постановление · 18.11.2010 · № 284 · Күчүн жоготкон
20 ичинен 12 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (8)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 52 "Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2015 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну…Постановление · 22.11.2018 · № 551 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү…Постановление · 30.12.2016 · № 712 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 653 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2015 · № 364 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2016 · № 570 · Күчүн жоготкон