Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 октября 2016 года № 549 "Об образовании Государственного агентства по продвижению инвестиций и экспорта при Министерстве экономики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-10-14.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-марты № 158 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу процессин активдештирүүнү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 25-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) түзүлсүн.
2. Тиркелген: Агенттик жөнүнде жобо бекитилсин.
3. Агенттиктин кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 21 бирдик санында белгиленсин (тейлөө жана техникалык персоналды кошпогондо).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктундагы «340» жана «96» деген цифралар «361» жана «117» деген цифраларга тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
«Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик».
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда Агенттикти күтүүгө каражаттарды белгиленген тартипте караштырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө Агенттикти түзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.10.2016 · № 549 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.10.2016 · № 549 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 токтому менен…Программа · 30.06.2022 · № 353
- "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы №…Постановление · 18.03.2014 · № 158