КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун элүү төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- салык төлөөчүнүн, жеке жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча алардын Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоо берет;”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин кирешеге жана капиталга кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө ченемдерин колдонуу тууралуу салык төлөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча ишти жүргүзөт;”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 “Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жободо:
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Салыктык макулдашуунун жоболорун колдонуу максатында чет мамлекеттеги киреше булагынан киреше алган Кыргыз Республикасынын резиденти ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган, бекитилген форма боюнча арыз менен Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастаган документти алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын резидентинин арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:”;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоочу документ ушул Жобонун 2-тиркемесинде каралган форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын фирмалык бланкында (кагаз жүзүндө) таризделет жана мындай документ берилген календардык жылдын ичинде колдонулат. Ыйгарым укуктуу салык органы арызды алууда Кыргыз Республикасынын резидентинен кандайдыр-бир кошумча документтерди берүүнү талап кылууга укугу жок жана салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документти арыз алынган датадан тартып он жумуш күндүн ичинде арыз ээси тарабынан арызда көрсөтүлгөн санда берүүгө милдеттүү. Салыктык милдеттенмелер боюнча карыздын болушу салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документти берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.”;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну…Постановление · 22.11.2018 · № 551 · Күчүн жоготкон