Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 „Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 марта 2021 года № 85 "О вопросах Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-10.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-февралы № 60 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш экинчи-алтымыш жетинчи абзацтар менен толукталсын: "- кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктайт жана ишке ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдардын долбоорлорун даярдоо, ишке ашыруу стадиясында жана долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча алардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун баалайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынын каралганга чейин мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун экономикалык максатка ылайыктуулугуна баа берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруунун мониторингин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруунун жыйынтыктарынын экономикалык натыйжалуулугуна баа берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун социалдык-экономикалык таасирине мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- лицензия берүү чөйрөсүндөгү бузуулар жөнүндө каралган иштер боюнча материалдарды эсепке алат жана сактайт;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берет;
- донорлор менен долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол койгондон кийин эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун белгиленген тартипте каттайт;";
3-пунктчасында: тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи-отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында жаза салуу жана бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонуу боюнча чараларды ишке ашырат;
- грант түрүндө берилген каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу колдонулушуна контролду жана мониторингди ишке ашырат;
- эл аралык институттар жана донордук уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтом чыгарууга жана протокол түзүү, жаза салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонууга;";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасындагы "Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралындагы N 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон