Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года №117 "О вопросах Министерства экономики и антимонопольной политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-декабры № 727 Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 , 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына, "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-статьясын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги төмөнкүлөрдүн укугун улантуучу болуп санала тургандыгы белгиленсин:
- салык жана бажы саясатын жүргүзүү, техникалык жөнгө салуу, соода, ченемдик укуктук базаны жана ишкердик жүргүзүүнү текшерүүлөрдү оптималдаштыруу чөйрөсүндөгү функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин;
- иштетүүчү (кайра иштетүү) өнөр жай чөйрөсүндөгү функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин;
- тарифтик саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин;
- бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө фискалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин;
- салыктык жөнгө салуу чөйрөсүндө фискалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин.
3. Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук институту Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо борборуна.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Экономикалык стратегиялар борбору Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
5. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык штаттык бирдиктерди, документтерди, финансылык ресурстарды жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине өткөрүп беришсин;
- ушул токтомго ылайык башка зарыл чараларды көрүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор оперативдүү башкаруу укугунда мурда ээлеп турган администрациялык имаратка жайгашаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүн 2009-жылга республикалык бюджетте каралган чектерде каржылоону ишке ашырсын;
- 2010-жылга республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин жана анын ведомстволук структураларынын иштеши үчүн зарыл каражаттарды эске алсын.
9. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 398 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 551 токтому.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596, 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги (Борбордук аппарат) | ┌──────────────┐ < ──┤ Коллегия └──────────────┘ | |||
|---|---|---|---|---|
| ┌──────────┘ | └───────────┐ | |||
| Министрликтин ведомстволук органдары | Чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү | Аймактык органдар | ||
| ┌────────┴──────┐ Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы └───────────────┘ ┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ | ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ |
Аккредитациялоо Стандартташтыруу │ борбору ├───┼───┤жана метрология │ Боюнча борбору
| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘ | └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘ |
"Бирдиктүү терезе" "Кыргызресурсы" Мамлекеттик кызматчы эмес
| МИ | МИ | └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─ ─┘ |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" жобоПоложение · 04.12.2009 · № 727
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө"…Постановление · 18.11.2010 · № 284 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2011 · № 596 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2010 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №18 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.01.2012 · № 18 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 06.04.2007 · № 100
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу…Указ · 26.10.2009 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому 2008-жылдын 23-июлу № 398 "Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2007-жылдын 6-апрелиндеги №100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык онугуу…Постановление · 23.07.2008 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода" министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз…Постановление · 28.06.2007 · № 249
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 01.09.2009 · № 551
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 октября 2010 года № 249 "О Государственном агентстве по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной…Постановление · 20.10.2010 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 9 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Постановление Правительства КР от 15 января 2009 года №23 "Стратегия развития страны (2009-2011 годы)"Стратегия · 17.01.2009 · № 23
- Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 149 · Күчүн жоготкон