Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 „Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 марта 2021 года № 85 "О вопросах Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-10.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-сентябры № 510 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-пунктундагы алтынчы-тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо: 1-пункт: "- Министрлик)" деген сөздөрдөн кийин "макроэкономикалык," деген сөз менен толукталсын; "фискалдык саясат жаатындагы мамлекеттик саясат," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик-жеке өнөктөштүк," деген сөздөр менен толукталсын; "жана минералдык ресурстарды башкаруу (жер казынасын пайдалануу)" деген сөздөр алып салынсын; ", ошондой эле иштетүүчү өнөр жай тармактарын жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктундагы ", иштетүүчү өнөр жай тармактарында жана отун-энергетикалык комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктундагы бешинчи-жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктунда:
1-пунктчасында: төртүнчү абзац "түз инвестициялар" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк" деген сөздөр менен толукталсын; жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; жыйырма төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; отуз тогузунчу-кырк үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; элүү биринчи-алтымышынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш биринчи-алтымыш үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы жана ички соода көлөмдөрүн болжолдоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгат;";
2-пунктчасында: онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- мамлекеттик өнөктөштөр демилгелеген мамлекеттик-жеке өнөктөш долбоорлоруна баалоо жүргүзөт жана бекитет;"; 3-пунктчасында: жыйырманчы абзацтагы "салык салуу бөлүгүндөгү саясаттан тышкары," деген сөздөр алып салынсын; жыйырма экинчи-жыйырма сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын: "- керектөө рыногунун абалына байкоо жүргүзөт жана товардык ресурстардагы муктаждыкты аныктоо үчүн зарыл болгон продукциянын суроо-талабына болжолдуу эсептөөлөрдү жана талдоону даярдайт;"; 5-пунктчасында: он үчүнчү - он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасында инвестицияларды илгерилетүүгө, инвесторлорду мамлекеттик колдоого жана коргоого багытталган функцияларды жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин түзөт.".
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
"Тиркеме
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 439-VI · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" №…Постановление · 22.06.2016 · № 745-VI · Күчүн жоготкон