Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-10.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-декабры №762 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12, 2012-жылдын 10-февралындагы №87 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине, төмөнкү функцияларды өткөрүп берүү менен:
туризм чөйрөсүнүкүн - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине; өнөр жай чөйрөсүнүкүн - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине; тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай жана айыл чарба базарларын өнүктүрүү чөйрөсүнүкүн - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна, мамлекеттик мүлктү башкаруу саясаты функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берүү менен;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке, минералдык ресурстарды башкаруу саясаты функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берүү менен;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине, тышкы миграция маселелери боюнча функцияларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштөөнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү менен;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, дарыялардын бассейндерин;
- Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине, маалыматтык саясат функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өткөрүп берүү менен.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87 токтомунун редакциясына ылайык)
2.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин өзгөртүп түзүлгөн мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
он күндүк мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өзгөртүп түзүлүшүнө байланыштуу жоюу комиссияларын түзүү боюнча сунуштарды киргизишсин;
бир айлык мөөнөттө:
- жоболорунун, түзүмдөрүнүн, башкаруу схемасынын жана штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу бардык чараларды көрүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (25)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 113
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 (Жумушчу топтор түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.01.2012 · № 5
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 342 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"…Постановление · 29.05.2012 · № 342
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 20-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 228-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 31.01.2012 · № 20-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 25.05.2011 · № 242 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 121 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2012 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 139 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 314 ""Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 24.05.2012 · № 314 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 261 ""Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 30.04.2012 · № 261 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 15-майындагы № 295 ""Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Электр…Постановление · 15.05.2012 · № 295 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги №247 "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз…Постановление · 17.04.2012 · № 247 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.