Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-июну № 364 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:
6-пунктунун он бешинчи абзацы "кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөрдөн кийин ", коррупциянын алдын-алуу" деген сөздөр менен толукталсын; 7-пунктунун он бешинчи абзацы "кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөрдөн кийин ", коррупциянын алдын-алуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
6-пунктундагы "361" жана "187" деген цифралар тиешелүү түрдө "358" жана "184" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы "коррупциянын алдын алуу саясатын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча функцияларды жүктөө менен," деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.".
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте бир жумалык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан, анын ичинде министрликтин бөлүмүнө бекитилген материалдык-техникалык каражаттарды өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 2-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген)Положение · 24.12.2010 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз…Постановление · 31.03.2016 · № 412-VI
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.03.2015 · № 170 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.03.2015 · № 170 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон