Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин директорунун ортосундагы эмгек келишиминин долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 26-июлу № 280-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун ортосундагы эмгек келишиминин долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан эмгек келишимине кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
Долбоор
№ _____________________ ЭМГЕК КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары
2019-жылдын "___" _______________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мындан ары "Жумуш берүүчү" деп аталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын "___" ____________ № ____________ буйругу менен ушул келишимге кол коюуга ыйгарым укук берилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жобонун негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Экономика министри _______________________, бир тараптан жана мындан ары "Борбордун директору" деп аталуучу _______________-жылы __________________ тарабынан берилген ким экендигин ырастаган __________________________ документтин (паспорттун) негизинде аракеттенүүчү ____________________ жаран, экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул эмгек келишимин түзүштү:
1. Эмгек келишиминин предмети
1.1. Ушул эмгек келишими Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун милдетин аткарууга байланыштуу Борбордун директору менен Жумуш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2. Эмгек келишиминин шарттары
2.1. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" (мындан ары - МЖӨ борбору) мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобого ылайык:
- МЖӨ борборунун ишин жетектейт жана МЖӨ борборуна жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыгына жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жумуш берүүчүнүн чечимдерин аткарат;
- МЖӨ борборунун кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында, мекемелеринде коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде МЖӨ борборунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмө берет;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- МЖӨ борборунун ички иш тартибин бекитет.
2.2. Борбордун директоруна эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат.
3. Борбордун директорунун укуктары жана милдеттери
3.1. Ушул эмгек келишими боюнча жумуш орду болуп МЖӨ борбору саналат.
3.2. Борбордун директору МЖӨ борборунун ишиндеги маселелерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, МЖӨ борбору жөнүндө жободо жана ушул эмгек келишиминде белгиленген компетенциясынын чегинде чечет.
3.3. Борбордун директору төмөнкүлөргө укуктуу:
3.3.1. Ишеним катсыз МЖӨ борборунун атынан аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагында жана сырткары жакта анын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө.
3.3.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана чегинде МЖӨ борборунун мүлкүн башкарууга.
3.3.3. Жарандык-укуктук жана эмгек келишимдерин түзүүгө.
3.3.4. Ишеним каттарды берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка юридикалык аракеттерди жасоого.
3.3.5. МЖӨ борборунун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипке чакыруу чараларын колдонууга жана сыйлоого.
3.3.6. Өзүнүн компетенциясынын чегинде МЖӨ борборунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарууга, көрсөтмөлөрдү берүүгө.
3.3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МЖӨ борборунун коммерциялык жана кызматтык сырын түзгөн маалыматтардын курамын жана көлөмүн, ошондой эле аны коргоо тартибин аныктоого.
3.3.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, МЖӨ борбору жөнүндө жобо жана ушул эмгек келишими менен Борбордун директорунун компетенциясына киргизилген башка маселелерди чечүүгө.
3.4. Борбордун директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.4.1. Борборду учурда (ыкчам) башкарууну ак ниет жана натыйжалуу ишке ашырууга, анын чарбалык, социалдык же башка ишин уюштурууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, МЖӨ борбору жөнүндө жобо жана ушул эмгек келишими менен анын компетенциясына киргизилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
3.4.2. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, МЖӨ борбору жөнүндө жобону жана ушул эмгек келишимин жетекчиликке алууга.
3.4.3. МЖӨ борборунун бардык келишимдерин жана милдеттерин өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылууга.
3.4.4. МЖӨ борборун төлөө жөндөмсүздүгүнө (кудуретсиздикке) алып келиши мүмкүн болгон чечимдерди кабыл албоого.
3.4.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бардык салыктардын, жыйымдардын жана тийиштүү бюджеттерге милдеттүү төлөмдөрдүн МЖӨ борбору тарабынан толук көлөмдө өз убагында төлөнүшүн камсыз кылууга.
3.4.6. МЖӨ борборунун кызматкерлеринин айлык акыларын, жөлөкпулдарын жана акчалай формадагы башка төлөмдөрүн өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылууга.
3.4.7. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, кызматтык же коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды таркатпоого.
3.4.8. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, анын ичинде Жумуш берүүчүнүн буйругунда жана МЖӨ борбору жөнүндө жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө МЖӨ борборунун иши жөнүндө отчётторду берүүгө.
3.4.9. Жумуш орундарын тийиштүү техникалык жабдуу менен камсыздоого жана эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, санитардык ченемдер жана эрежелер боюнча бирдиктүү ченемдер шайкеш келген иш шарттарын түзүүгө.
3.4.10. Чарба жүргүзүүнүн жаңы прогрессивдүү формаларын жана методдорун киргизүүнү, эмгектин жогорку өндүрүмдүүлүгү үчүн уюштуруу жана экономикалык шарттарды түзүүнү камсыздоого.
3.4.11. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бухгалтердик жана финансылык эсептин сапатына жана аныктыгына контролду камсыз кылууга.
3.4.12. Ушул эмгек келишими токтотулган учурда иштерди өткөрүп берүү актысы боюнча Борбордун жаңы дайындалган директоруна же анын милдеттерин аткарган адамга Борбордун финансы-чарбалык документтерин өткөрүп берүүгө.
4. Жумуш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Жумуш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул эмгек келишимине ылайык Борбордун директорун кызмат ордуна дайындоого, ошондой эле аны менен эмгек келишимин түзүүгө, аны өзгөртүүгө жана токтотууга.
4.1.2. Борбордун директорунан эмгек милдеттерин аткарууну, ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоону талап кылууга.
4.1.3. Борбордун директорун жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында анын компетенциясына киргизилген башка аракеттерди көрүүгө.
4.2. Жумуш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана МЖӨ борбору жөнүндө жободо каралган учурлардан тышкары, Борбордун директорунун ыкчам-башкаруу ишине кийлигишпөөгө.
4.2.2. Борбордун директорунун эмгектик ишин ырастаган документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сактоого.
5. Борбордун директорунун жоопкерчилиги
5.1. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул эмгек келишиминде белгиленген тартипте жана шартта өзүнүн аракеттери жана аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартат.
5.2. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 "2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасында каралган максаттарга жетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы жана милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Эмгек келишимин өзгөртүү жана токтотуу
6.1. Ушул эмгек келишиминин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча гана жана жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү мүмкүн.
6.2. Ушул эмгек келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
- тараптардын макулдашуусу боюнча;
- эмгек келишимин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Жумуш берүүчү тарабынан эмгек келишимин мөөнөтүнөн эрте токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алышына байланыштуу;
- ушул эмгек келишиминин 6.3-пунктунда каралган негиздерден улам Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузган учурда;
- ушул эмгек келишиминин 6.4-пунктуна ылайык борбордун директорунун демилгеси боюнча эмгек келишими мөөнөтүнөн эрте бузулган учурда;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка негиздер боюнча.
6.3. Ушул эмгек келишими Жумуш берүүчүнүн чечими боюнча аны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:
а) мамлекеттик эмгек инспекциясынын жетекчилиги жана мамлекеттик эмгек инспектору тарабынан МЖӨ борборунун же анын түзүмдүк бөлүмүнүн ишин токтотуп туруу жөнүндө чечимин кабыл алууга алып келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эмгекти коргоо боюнча талаптар Борбордун директорунун күнөөсү боюнча бузулганда;
б) жүйөлүү себептерсиз, Борбордун директору тарабынан ушул эмгек келишиминде каралган милдеттер эки айдан ашык убакыттын ичинде аткарылбаса;
в) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз уюштуруучунун мүлкүн башкарса;
г) ушул эмгек келишиминде каралган милдеттер бузулса;
д) Борбордун директору Жумуш берүүчүнүн буйругун нечен ирет аткарбай койгон учурда;
е) мүлктүн сактыгынын бузулушуна, аны мыйзамсыз колдонууга же МЖӨ борборунун мүлкүнө башка зыян кетирүүгө алып келген негизсиз чечимди борбордун директору кабыл алганда.
6.4. Борбордун директору Жумуш берүүчүнү ушул эмгек келишимин токтото турган күнгө чейин кеминде 14 (он төрт) календардык күн калганда жазуу жүзүндө эскертип, ушул эмгек келишимин мөөнөтүнөн эрте бузууга укуктуу.
7. Эмгек келишиминин башка шарттары
7.1. Ушул эмгек келишими 2019-жылдын "____" _________________ тартып күчүнө кирет.
7.2. Ушул эмгек келишими 2 жылдык мөөнөткө түзүлдү.
7.3. Ушул эмгек келишиминде каралбаган бөлүгүндө тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана МЖӨ борбору жөнүндө жобону жетекчиликке алышат.
7.4. Ушул эмгек келишими эки нускада түзүлдү, алардын ар бирине тараптар кол коюшту. Эмгек келишиминин бир нускасы Борбордун директоруна берилди, экинчиси Жумуш берүүчүдө сакталат.
Тараптардын реквизиттери
Жумуш берүүчү
Борбордун директору
______________________________
______________________________
М.О.
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 "2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2016 · № 327 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекет- тик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Положение · 28.06.2019 · № 333 · Күчүн жоготкон