Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-февралы № 52 Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бажы союзунун берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларацияларынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүү жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
2. Бажы союзунун сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүүчү жана жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору аныкталсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“- Бажы союзунун сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзөт жана жүргүзөт;”.
5. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан…Постановление · 05.08.2014 · № 445 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы…План · 05.08.2014 · № 445 · Күчүн жоготкон