Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 января 2026 года № 43 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Положения о порядке привлечения и использования международной грантовой и технической помощи в Кыргызской Республике» от 19 июня 2017 года № 389"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30 январындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-июну № 389 Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартууга, мониторингдөөгө жана натыйжалуу пайдаланууга байланыштуу ишти майнаптуу координациялоону жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу маселелерин жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорунун реестрин түзүү үчүн маалымат берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорунун реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Тышкы жардамдарды башкаруу платформасына маалыматтарды киргизүү үчүн жиберсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 194-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топтун ортосунда өз ара аракеттенүү…Распоряжение · 26.05.2020 · № 194-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 “Кыргыз Республикасында эл аралык…Постановление · 30.01.2026 · № 43
- "Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы №…Положение · 19.06.2017 · № 389 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 “Кыргыз Республикасында эл аралык…Постановление · 30.01.2026 · № 43
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон