Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана «кыргыз банктар бирлиги» Южб өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 3-июлу № 303-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 4732-V «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу» токтомун көңүлгө алуу менен: Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана «Кыргызстандын банктар союзу» юридикалык жактар бирикмесинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум көңүлгө алынсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАНА "КЫРГЫЗ БАНКТАР БИРЛИГИ" ЮЖБ ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ МЕМОРАНДУМУ
Бишкек ш. 2015-жылдын «6» апрели Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө" жобонун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атынан министр Т.А. Сариев, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан Төрага Т.С. Абдыгулов жана "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесинин Уставынын, ошондой эле бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын 2012-жылдын 3-февралындагы чечиминин негизинде иш алып барган ушул бирикменин Президенти А.К. Абдраев, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, ал эми өз-өзүнчө "Тараптардын ар бири" деп аталуучулар; Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программанын жана Кыргыз Республикасында төлөм системасын андан ары өнүктүрүү зарылчылыгын тастыктоо менен. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 4732-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна, бардык тарап үчүн зарыл болгон банктык жабдууларга кирген негизги каражаттарды (банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын жана банктык күркөөлөрдү) алып келүүдө, аларды КНСтен бошотуу жагында көрүлгөн мамлекеттик чараларга таянуу менен төмөнкүлөр боюнча макулдашууга жетишишти: 1-берене
Кыргыз Республикасынын Нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында айрыкча, анын региондорунда төлөмдөрдү нак эмес формада кабыл алуу боюнча инфраструктураны кеңейтүү, акча жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындуулугун арттыруу жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу жагында иш-чаралардын банктар тарабынан натыйжалуу аткарылышына жетишүү ушул Меморандумдун максатынан болуп саналат. 2-берене
Тараптар, алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү багыттар боюнча өз ара иш алып барышат: -ушул Меморандумдун максаттарын ишке ашырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу; -ушул Меморандумдун жоболорунун талабынын натыйжалуу аткарылышы максатында иш-чараларды өз ара координациялоо;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды ачыкка чыгарууга, пайдаланууга же кимдир бирөөгө берүүгө чектөөлөр белгиленген маалыматтарды эске албаганда, Тараптарды кызыктырган маселелер боюнча маалыматтарды алмашуу.
3-берене
Ушул Меморандумдун талаптарын аткаруу максатында ар бир Тарап өз компетенциясынын жана чегерилген ыйгарым укуктарынын алкагында, төмөнкү иш-чараларды аткарышат. Мында, Тараптардын кызматташуусу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1. Өз мүчөлөрүнүн - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктардын атынан иш алып барган "Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ банктык жабдуулардын коммерциялык банктар тарабынан алынып келиши жана Кыргыз Республикасынын аймагында 2015-2017-жылдары аларды жайгаштыруу планында (ушул Меморандумга тиркеме катары кошо тиркелген план) көрсөтүлгөндөн кем эмес санда банктык жабдууларды сатып алуу ишин координациялоо милдетин өзүнө алат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогоруда белгиленген пландын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
3. "Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ 2015-2017-жылдар аралыгында жогоруда белгиленген пландын ушул бирикменин мүчөлөрү тарабынан аткарылышы боюнча маалыматтарды, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5нен кечиктирбестен, чейрек сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштап турат.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-2017-жылдар аралыгында жогоруда белгиленген пландын аткарылышы боюнча отчетту, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10нан кечиктирбестен, чейрек сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине сунуштап турат.
5. Планды ишке ашыруу боюнча милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, банктык жабдуулар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин КНСтен бошотууну караган беренесинен алынып салынары Тараптарга маалымдалган.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын коммерциялык банктары менен "Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-2017-жылдары банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө" келишимди түзөт, анда Тараптардын милдеттенмелери, региондорду кошо алганда, республиканы банктык жабдуулар менен камсыз кылуу мөөнөттөрү ошондой эле, ушул келишим шарттарын аткарбагандыгы үчүн коммерциялык банктардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери каралат.
4-берене
Тараптардын милдеттенмелеринин аткарышына тоскоолдук кылган жана ага таасир эткен, алардын эркинен көз каранды болбогон, күтүүсүз келип чыккан жана болжолдоого болбогон жагдайлар (форс-мажор) орун алган шартта Тараптар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз милдеттенмелерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткара албай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Мындай учурда милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келип чыккан жагдайлар орун алып турган убакытка жараша узартылат. 5-берене
1. Меморандум, Тараптар ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
2. Меморандумдун талаптарын аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер жана кайчы пикирлер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбеген талаш маселелер жана кайчы пикирлер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
3. Меморандумга кол коюлган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен "Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБнын ортосунда 2014-жылдын 7-февралында түзүлгөн №Д-0-3-5/0091 өз ара түшүнүшүү Меморандуму күчүн жоготкон катары таанылат.
4. Меморандум мамлекеттик жана расмий тилдерде, ар бир Тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 нускада түзүлгөн
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
Т.А. Сариев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Т.С. Абдыгулов
Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ
А.К. Абдраев
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ бирикмесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна карата тиркеме « 6 » апрели 2015-жыл
Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-2017-жылдары банктык жабдууларды алып келүү жана аларды жайгаштыруу боюнча коммерциялык банктардын планы
КыргызРеспубликасынын аймактары
2015 жыл
2016 жыл
2017 жыл
2015-2017 жылдарга Жыйып 11.ik-
Банкомат
POS-терминал
Төлөө терминалы
Банктык киоск
Банкомат
POS-терминал
Төлөө терминалы
Банктык киоск
Банкомат
POS-терминал
Телөө терминалы
Банктык киоск
Банкомат
POS-терминал
Төлөө терминалы
Банктык киоск
Бишкек шаары
73
815
40
40
34
263
35
7
32
363
38
7
139
1441
113
54
Чуй область!
18
73 '
14
5
16
64
20
-
18
116
18
-
52
253
52
5
Ош областы
38
202
38
2
28
118
21
1
36
177
24
1
102
497
83
4
Иссык-Көл областы
21
99
17
1
17
77
13
1
21
109
14
1
59
285
44
3
Талас областы
10
50
8
-
8
34
14
-
13
65
16
-
31
149
38
-
Жалал-Абад областы
14
129
30
2
20
86
16
1
22
148
20
1
56
363
66
4
Баткен областы
11
40
8
-
8
36
7
-
11
48
10
-
30
124
25
-
Нарын областы
11
25
7
-
9
31
7
-
10
57
10
-
30
113
24
-
Жалпы:
196
1 433
162
50
140
709
133
10
163
1 083
150
10
499
3 225
445
70
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
Т.А. Сариев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Т.С. Абдыгулов
Кыргыз банктар бирлиги" ЮЖБ
А.К. Абдраев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы №4732-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 29.01.2015 · № 4732-V
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 19.02.2015 · № 36 · Күчүн жоготкон