КР «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-08.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР 2026-жылдын 8-июнундагы № 84 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 4-июлу № 96
Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эсепке алуу менен чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка эл аралык укуктун субъекттери менен анын тең укуктуу мамилелерин ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын натыйжалуу жана бирдиктүү тышкы саясий багытын калыптандырууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн негиздерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты - эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын максаттуу иши; Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багыты - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясында, ошондой эле ченемдик укуктук актыларында бекемделген эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясый ишинин тышкы саясый максат багыттары жана артыкчылыктары; тышкы саясий демилге - Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын ишке ашыруу маселелерине байланышкан сунуштар; тышкы саясатынын концепциясы - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын чөйрөсүндөгү өзөктүү саясий документ, ал Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына байланыштуу көз караштардын системасын камтыйт. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин негизги максат багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети (мындан ары - Жогорку Кеңештин тармактык комитети) - карамагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуусу боюнча маселелер кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети.
3-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсү жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсү жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) негизделет, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент):
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын аныктайт;
2) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары жактарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
3) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу жөнүндө чечим кабыл алат;
5) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча чет мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мамилелерин орнотуу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө жана кызмат адамдарына берүүгө укуктуу;
7) ратификациялык грамоталарга жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;
8) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишеним жана чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;
9) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча тышкы саясаттын концепциясын бекитет;
10) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүн, туруктуу өкүлчүлүгүн жана консулдук мекемесин (мындан ары - чет өлкөлөрдөгү мекемелер) уюмдаштырат.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын тармактык комитетинин ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш):
1) Конституцияда жана мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;
2) чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;
3) парламенттер аралык келишимдерди түзөт.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда Жогорку Кеңештин атынан чыгат.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:
1) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жана бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин сунуштамасына макулдук берет;
2) Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга жаткан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна макулдук берет;
3) тышкы саясаттын концепциясынын долбооруна макулдук берет;
4) дипломатиялык мамилелерди орнотуу маселелери боюнча макулдук берет;
5) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий демилгелерин сунуштайт;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ыры - Өкмөт), тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды берет;
7) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынган тышкы саясат чөйрөсүндөгү маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат;
8) тышкы саясат чөйрөсүндөгү Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун алдын ала угат.
6-берене. Өкмөттүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
1. Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырат.
2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу максатында:
1) чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргойт, тышкы экономикалык иштер, эл аралык илимий-техникалык жана маданий кызматташуу чөйрөлөрдө жөнгө салууну жана мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылат;
4) эл аралык кызматташуу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат;
5) Конституцияда жана мыйзамдарда анын карамагына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Премьер-министр:
1) чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таанууга макулдук берет;
2) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарга ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет; Президент тарабынан кол коюлууга тийиш болгон эл аралык келишимдерге (мамлекеттер аралык келишимдерге) кол коюуга макулдук берет;
3) белгиленген тартипте эл аралык финансы институттарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн дайындайт;
4) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-берене. Укук берилген органдын ыйгарым укуктары
1. Ыйгарым укуктуу орган аткаруу бийлигинин башкы органы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жана өз ара иштешүүсүн жүзөгө ашырат, дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумун башкарат.
2. Ыйгарым укуктуу орган:
1) Президент тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда анын атынан чыгат;
2) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытына ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен алака-катышты уюштурат;
3) чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен кызматташуунун алкактарында тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын көз караштарын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
4) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багытын аныктоо
1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыты тышкы саясаттын концепциясында аныкталат.
2. Тышкы саясаттын концепциясы Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча Президент тарабынан бекитилет.
3. Тышкы саясаттын концепциясынын долбоорун даярдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
9-берене. Тышкы саясий демилге
1. Кыргыз Республикасынын кандай болбосун мамлекеттик бийлик органы тышкы саясий демилге менен чыга алат. Мында тышкы саясий демилге Кыргызстандын тышкы саясий багытына шайкеш келүүгө тийиш.
2. Тышкы саясий демилгенин долбоору демилгелөөчү мамлекеттик орган тарабынан компетенциясына каралуучу маселе кирген тиешелүү мамлекеттик бийлик органына макулдашууга жана милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу органга жиберилет. Сунуштарды иштеп чыгууда демилгелөөчү мамлекеттик орган каралып жаткан тармактагы эксперттерди тарта алат. Тышкы саясат демилгесинин макулдашылган долбоору кароо жана акыркы чечимди алуу үчүн Президентке жиберилет. Тышкы саясий демилгенин долбооруна каралып жаткан маселени талдоону жана тышкы саясий демилгенин долбоорунун Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын багытына шайкештиги жөнүндө маалыматты камтыган маалымкат тиркелиши керек.
Тышкы саясий демилге боюнча чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрү мамлекеттик органда расмий катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан тышкы саясий чечимди кабыл алуунун башка мөөнөттөрү сунушталышы мүмкүн.
3. Тышкы саясий демилгени даярдоодо демилгелөөчү мамлекеттик орган демилгени кабыл алуунун/кабыл албоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин, анын ичинде саясий жана финансылык кесепеттерин кошо талдоону жана аны болжолдоону жүргүзүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүгө байланышкан тышкы саясий демилге боюнча чечимдин долбоору "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамда аныкталган тартипте Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн кароосуна киргизилет.
Тышкы саясий демилгени жарыялоо (элге билдирүү) ыйгарым укуктуу орган жана ушул тышкы саясий демилге боюнча чечимдерди кабыл алуу маселеси компетенциясына кирген мамлекеттик бийлик органы менен макулдашуу боюнча гана жүзөгө ашырылат.
10-берене. Тышкы саясий билдирүүлөр
1. Президент, Премьер-министр жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий билдирүүлөр менен чыгып сүйлөөгө укуктуу. Жогорку Кеңештин Төрагасы парламенттер аралык кызматташуу маселелери жана Жогорку Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча расмий билдирүүлөр менен чыгат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары тышкы саясатты ишке ашыруунун айрым маселелерин козгогон расмий билдирүүлөр менен ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган позицияларга ылайык чыга алышат.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тиешелүү маселелер боюнча расмий маалымат ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча буга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жайылтылат.
11-берене. Мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана анын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында эл аралык иштер маселелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын толук көлөмдө координациялоону жана өз ара иштешүүсүн ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.
2. Ыйгарым укуктуу орган Президентке, Жогорку Кеңешке, Премьер-министрге жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү маселелери жөнүндө, анын ичинде чечим кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча маалымат берет.
3. Президентти, Жогорку Кеңешти жана Өкмөттү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара иштешүүнү ыйгарым укуктуу орган аркылуу жүзөгө ашырат.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар:
1) алардын кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлүүчү эл аралык иш-чаралар жөнүндө иш-чараларды өткөрүү датасына 20 календардык күн калганда тиешелүү материалдарды жана Кыргыз Республикасынын сунушталган позицияларынын долбоорлорун тиркөө менен ыйгарым укуктуу органды кабарландырат;
2) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү иштин ар кварталдык жана ар жылдык программаларын, ошондой эле аларды ишке ашыруу жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органга макулдашууга киргизет;
3) эксперттик баалоону жана корутундуларды чыгаруу үчүн эл аралык форумдардагы, сүйлөшүүлөрдөгү билдирүүлөрдүн жана сүйлөнүүчү сөздөрдүн долбоорлорун макулдашууга берет;
4) чет мамлекеттер, эл аралык жана региондук уюмдар, коомдук жана бейөкмөт түзүмдөр, жеке фирмалар жана адамдар, анын ичинде техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам жагында кызматташууну орнотуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды берет;
5) ыйгарым укуктуу орган аркылуу чет өлкөлөрдөгү мекемелер менен кат-кабар алышууну жүзөгө ашырат;
6) өз кызматкерлеринин чет өлкөлөргө алдыда боло турган кызматтык иш сапарлары жөнүндө чет өлкөлөргө чыгуу датасына чейин 14 календардык күн калганда, эгерде чыгып сүйлөө пландалса, сунуштардын жана сүйлөнүүчү сөздөрдүн долбоорлорун тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга маалымат берет;
7) өз кызматкерлеринин чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарларынын жыйынтыктары боюнча келгенден кийин 14 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга отчетторду берет.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалык кызыкчылыктарга тийиштүү башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдардын делегацияларын Кыргыз Республикасына чакыруу жөнүндө, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө сунуштары тийиштүүлүгүнө жараша алар Президентке, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө берилгенге чейин милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылышы керек.
5. Тышкы саясый чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу, тиешелүү эл аралык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын көз карашын чагылдыруу максатында Президент, Премьер-министр, Жогорку Кеңеш, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка органдары өз ара маалыматтарды алмашууну үзгүлтүксүз жүзөгө ашырышат.
12-берене. Тышкы саясий демилгелерди ишке ашыруу
1. Тышкы саясий демилгелер боюнча алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу максатында тышкы саясий демилгени көтөргөн мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча тышкы саясий иш-чараларды пландоону жүзөгө ашырат. Бул үчүн иш-чаралардын аталыштарын, аларды аткарууга жооптууларды жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ведомстволук жана ведомство аралык пландар түзүлөт.
2. Өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар тышкы саясий иш-чаралардын пландары аткарылып бүткөндөн тартып бир айдын ичинде тышкы саясий чечимди ишке ашыруунун натыйжаларын, коюлган максатка жетүү деңгээли менен кошо талдоону жана кабыл алынган тышкы саясий чечимдин натыйжаларын божомолдоонун тактыгына баа берүүнү жүргүзөт. Натыйжалардын ушул талдоосу тышкы саясий демилге боюнча чечимди кабыл алган кызмат адамдарына жана органдарга жиберилет.
13-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Президент жана Өкмөт өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 41 · байланышкандар: 10
Цитата келтиргендер (41)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 113/3-1 "Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселеси боюнча…Постановление · 27.02.2018 · № 113/3-1
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик)…Постановление · 09.11.2016 · № 197
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 "Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 157
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Постановление · 25.12.2013 · № 705
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.03.2019 · № 37
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республика- сынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы ПЖ N 37 Жарлыгына)Концепция · 11.03.2019 · № 37
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 14-б "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Распоряжение · 20.01.2017 · № 14-б
- КР Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасында Элчилигин уюштуруу жөнүндө» ЖарлыгыУказ · 15.12.2025 · № 363
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы № 249 "Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө"…Постановление · 18.07.2017 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 461 "Түркия Республикасынын Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө"…Указ · 15.10.2021 · № 461
- КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 569 "Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.12.2021 · № 569
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-майындагы ПЖ № 119 "Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтомуУказ · 04.05.2023 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-майыындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.05.2023 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-майындагы ПЖ № 120 "Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө"…Указ · 04.05.2023 · № 120
- КР Президентинин 2019-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 42 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 19.03.2019 · № 42
- "Дипломатиялык кызмат" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 553 токтомуна)Положение · 10.09.2024 · № 553
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 31-майындагы № 1946-V "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 31.05.2012 · № 1946-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы №2058-V "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 21.06.2012 · № 2058-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2169-V "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.06.2012 · № 2169-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-сентябры № 553 "Дипломатиялык кызмат" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.09.2024 · № 553
41 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралууЗакон · 08.06.2026 · № 84
Байланышкан документтер (10)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 04.09.2023 · № 513-р
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-апрели № 392-VIII "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө"…Постановление · 15.04.2026 · № 392-VIII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын…Распоряжение · 04.09.2023 · № 513-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 517-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын…Распоряжение · 27.09.2022 · № 517-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун…Постановление · 02.12.2015 · № 817 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-марты № 109-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 11.03.2022 · № 109-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 токтому менен…Положение · 05.03.2021 · № 77 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” токтомуна…Постановление · 14.08.2014 · № 468 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер…Постановление · 03.07.2019 · № 337 · Күчүн жоготкон