2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты - эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын максаттуу иши; Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багыты - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясында, ошондой эле ченемдик укуктук актыларында бекемделген эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясый ишинин тышкы саясый максат багыттары жана артыкчылыктары; тышкы саясий демилге - Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын ишке ашыруу маселелерине байланышкан сунуштар; тышкы саясатынын концепциясы - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын чөйрөсүндөгү өзөктүү саясий документ, ал Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына байланыштуу көз караштардын системасын камтыйт. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин негизги максат багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети (мындан ары - Жогорку Кеңештин тармактык комитети) - карамагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуусу боюнча маселелер кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>