4-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент):
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын аныктайт;
2) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары жактарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
3) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу жөнүндө чечим кабыл алат;
5) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча чет мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мамилелерин орнотуу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө жана кызмат адамдарына берүүгө укуктуу;
7) ратификациялык грамоталарга жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;
8) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишеним жана чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;
9) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча тышкы саясаттын концепциясын бекитет;
10) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүн, туруктуу өкүлчүлүгүн жана консулдук мекемесин (мындан ары - чет өлкөлөрдөгү мекемелер) уюмдаштырат.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (14)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.03.2019 · № 37
- КР Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасында Элчилигин уюштуруу жөнүндө» ЖарлыгыУказ · 15.12.2025 · № 363
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 461 "Түркия Республикасынын Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө"…Указ · 15.10.2021 · № 461
- КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 569 "Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.12.2021 · № 569
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-майындагы ПЖ № 119 "Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтомуУказ · 04.05.2023 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-майыындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.05.2023 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-майындагы ПЖ № 120 "Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө"…Указ · 04.05.2023 · № 120
- КР Президентинин 2019-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 42 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 19.03.2019 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 89 "Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө"…Указ · 14.03.2025 · № 89
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы № 264 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 13.05.2013 · № 264 · Күчүн жоготкон
- Кыргызстандын Эфиопиядагы Элчилиги уюштурулдуУказ · 18.03.2025
- “Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 16.12.2025
- Подписан Указ «Об учреждении Посольства Кыргызской Республики в Арабской Республике Египет»Указ · 16.12.2025
- “Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 15.12.2025
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-4" title="4-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>