7-берене. Укук берилген органдын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
1. Ыйгарым укуктуу орган аткаруу бийлигинин башкы органы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жана өз ара иштешүүсүн жүзөгө ашырат, дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумун башкарат.
2. Ыйгарым укуктуу орган:
1) Президент тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда анын атынан чыгат;
2) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытына ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен алака-катышты уюштурат;
3) чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен кызматташуунун алкактарында тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын көз караштарын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
4) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-7" title="7-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>