Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-марты № 157 Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Координациялык кеңешке көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 токтому менен түзүлгөн Улуттук координациялык бюро Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун кызматташуусу боюнча бардык архивдик материалдарды жана кат алышууларды тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча өткөрүп берсин.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомунда аныкталган, ошондой эле," деген сөздөр алып салынсын.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтому.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
1-тиркеме Европа союзу менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары(*), Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары(*); Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары(**) - Улуттук координатор; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(*); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары (*); Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(*); Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары(*); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары(*) (макулдашуу боюнча). Эскертүү: (*) - эл аралык кызматташуу маселелерин тейлөөчү; (**) - Кыргыз Республикасынын Европа союзу менен кызматташуу маселелерин тейлөөчү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- "Европа союзу менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтому менен бекитилген)Положение · 15.03.2017 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 "Европа союзу менен кызматташуу боюнча…Постановление · 23.07.2018 · № 340
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-июнундагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 “Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш…Постановление · 02.06.2021 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 02.06.2016 · № 305 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн" РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен…Регламент · 08.11.2016 · № 590 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрели № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2012 · № 235 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 340 токтомуПостановление · 23.07.2018 · № 340
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан…Постановление · 28.11.2013 · № 645 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрели № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2012 · № 235 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндөЗакон · 04.07.2012 · № 96 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан…Постановление · 28.11.2013 · № 645 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө"Распоряжение · 08.11.2016 · № 590 · Күчүн жоготкон