6-берене. Өкмөттүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
1. Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырат.
2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу максатында:
1) чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн камсыз кылат;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргойт, тышкы экономикалык иштер, эл аралык илимий-техникалык жана маданий кызматташуу чөйрөлөрдө жөнгө салууну жана мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылат;
4) эл аралык кызматташуу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат;
5) Конституцияда жана мыйзамдарда анын карамагына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Премьер-министр:
1) чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таанууга макулдук берет;
2) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарга ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет; Президент тарабынан кол коюлууга тийиш болгон эл аралык келишимдерге (мамлекеттер аралык келишимдерге) кол коюуга макулдук берет;
3) белгиленген тартипте эл аралык финансы институттарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн дайындайт;
4) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 14-б "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Распоряжение · 20.01.2017 · № 14-б
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 855 "Эл аралык ѳзгѳчѳ жардам жѳнγндѳ" жана "Тышкы миграция жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизγγ тууралуу"…Постановление · 11.12.2015 · № 855 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>