Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 123 «Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 15-майы ПЖ № 123 Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Монголиянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Улан-Батор шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндөЗакон · 04.07.2012 · № 96 · Күчүн жоготкон