Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 июля 2022 года № 392 "Об организационных вопросах Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-22.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырган ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - Министрлик) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана координациялайт.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө", "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөргө жана башка мөөрлөргө, штамптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасындагы эсептерге ээ.
Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти";
- расмий тилде: "Департамент внешней миграции при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департаменттин максаты
Департаменттин ишинин максаты тышкы миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери
1. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бирдиктүү мамлекеттик миграция саясатынын чараларын ишке ашыруу;
- тышкы миграция чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу жана алардын аткарылышын контролдоо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен чет өлкөдөгү мекендештердин ортосундагы экономикалык, маданий жана социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кызматташууну камсыз кылуу;
- тышкы миграция процесстерин жөнгө салууга катышуу; тышкы миграция чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууну, эл аралык-келишимдик базаны өнүктүрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департаменттин функциялары
1. Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- тышкы миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын ишке ашырат;
- тышкы миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Министрликтин кароосуна киргизет;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү чыгымдарын компенсациялайт;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары: Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдары менен тышкы миграция маселелери боюнча консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өз ара аракеттенет;
- чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоого багытталган, эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;
- кызыкдар болгон министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен миграция маселелерин чечүүдө өз ара аракеттенет;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат банктарын түзөт;
- өзүнүн ишмердик чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик заказдарды аткарат;
- тышкы миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзөт;
- тышкы миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
3) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тышкы миграция маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын доо арыздарын жана арыздарын белгиленген тартипте карайт;
4) колдоо функциялары:
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тышкы миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөдөгү мекендештердин диаспоралары жана улуттук-маданий бирикмелери менен байланыш түзөт;
-(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин укуктары
1) Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду бекитилген тартипте түзүүгө, анын ичинде кызыкдар болгон министрликтер, административдик ведомстволор, эл аралык уюмдар жана башка жеке жана юридикалык жактар менен биргеликте;
- тышкы миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- тышкы миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын топтоо үчүн Казыналык системада атайын эсепти ачууга;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана коомдук уюмдардан Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды басып чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө, жарнамалык-басма ишин жүргүзүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
1. Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри (мындан ары - министр) тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Департаментти министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
3. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министр бекитет.
5. Директор:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана функциялардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө, эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча сунуштарды Министрликке киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- министрге Департаменттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мүлктүк укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген чекте Департаменттин өздүк мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мүлктүк укук мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык тартиптин сакталышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департаменттин ишин каржылоо
Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептин каражаттарынан жана Департаменттин ишинин чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча эл аралык уюмдардын гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
8. Корутунду жоболор
1. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Департамент жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруу маселелери…Постановление · 22.07.2022 · № 392
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 77
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 260
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 287 “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция…Постановление · 02.12.2021 · № 287 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндөЗакон · 04.07.2012 · № 96 · Күчүн жоготкон