5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
тармактык комитетинин ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш):
1) Конституцияда жана мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;
2) чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;
3) парламенттер аралык келишимдерди түзөт.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда Жогорку Кеңештин атынан чыгат.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:
1) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жана бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин сунуштамасына макулдук берет;
2) Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга жаткан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна макулдук берет;
3) тышкы саясаттын концепциясынын долбооруна макулдук берет;
4) дипломатиялык мамилелерди орнотуу маселелери боюнча макулдук берет;
5) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий демилгелерин сунуштайт;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ыры - Өкмөт), тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды берет;
7) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынган тышкы саясат чөйрөсүндөгү маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат;
8) тышкы саясат чөйрөсүндөгү Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун алдын ала угат.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>