Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасында Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 15-декабры № 363
Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санынын чегин 5 бирдикке көбөйтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндөЗакон · 04.07.2012 · № 96 · Күчүн жоготкон