10-берене. Тышкы саясий билдирүүлөр
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
1. Президент, Премьер-министр жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий билдирүүлөр менен чыгып сүйлөөгө укуктуу. Жогорку Кеңештин Төрагасы парламенттер аралык кызматташуу маселелери жана Жогорку Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча расмий билдирүүлөр менен чыгат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары тышкы саясатты ишке ашыруунун айрым маселелерин козгогон расмий билдирүүлөр менен ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган позицияларга ылайык чыга алышат.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тиешелүү маселелер боюнча расмий маалымат ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча буга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жайылтылат.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-10" title="10-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>