12-берене. Тышкы саясий демилгелерди ишке ашыруу
Күчүн жоготкон · 08.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июня 2026 года № 84.
1. Тышкы саясий демилгелер боюнча алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу максатында тышкы саясий демилгени көтөргөн мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча тышкы саясий иш-чараларды пландоону жүзөгө ашырат. Бул үчүн иш-чаралардын аталыштарын, аларды аткарууга жооптууларды жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ведомстволук жана ведомство аралык пландар түзүлөт.
2. Өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар тышкы саясий иш-чаралардын пландары аткарылып бүткөндөн тартып бир айдын ичинде тышкы саясий чечимди ишке ашыруунун натыйжаларын, коюлган максатка жетүү деңгээли менен кошо талдоону жана кабыл алынган тышкы саясий чечимдин натыйжаларын божомолдоонун тактыгына баа берүүнү жүргүзөт. Натыйжалардын ушул талдоосу тышкы саясий демилге боюнча чечимди кабыл алган кызмат адамдарына жана органдарга жиберилет.
Берененин тексти 08.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203696/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>