Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Өкмөт:
1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;
3) Өкмөттүн программасын ишке ашырууда өнүгүү концепцияларын жана программаларын бекитет;
4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
6) бюджеттик-финансылык, баа, тариф, инвестициялык, тышкы экономикалык, салык жана бажы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
7) социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясатында, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер байлыктарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тоолуу аймактар жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
8) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылат; эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; ушундай келишимдерди узартат же болбосо бузат; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары жерлерде коргойт; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелеринин өнүгүшүн камсыз кылат;
9) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;
10) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет;
11) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшүнүн тең шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
12) мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүүнү уюштурат;
13) объекттерди, мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын башкаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
14) жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
15) тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
16) техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;
17) бирдиктүү монополияга каршы жана атаандаштык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
18) экономикалык мейкиндиктин жана экономикалык иштин эркиндигинин бирдиктүүлүгүн, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансы каражаттарынын эркин өтүп турушун камсыз кылат;
19) республиканын экономикалык жана финансы тутумун чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
20) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;
21) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
22) Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте карала турган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;
23) Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдеттүү токтомдорду жана тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
24) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышын караган мыйзамдардын долбоорлоруна каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө расмий корутундуларды берет;
25) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө отчетторун угат;
26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемасын жана чектик штаттык санын бекитет;
26-1) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн, штаттык санын бекитет; 26-2) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү институтун түзөт;
27) консультациялык-кеңеш берүү органдарын түзөт;
28) эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобону жана аларды өнүктүрүү программаларын бекитет;
29) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка өкмөттүк сыйлыктарды түзөт, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;
30) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттарын аныктайт;
31) аскердик наамдарды жана атайын наамдарды ыйгаруу тартибин аныктайт;
32) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларын жокко чыгарат;
33) Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына сунуштарды киргизет;
34) мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун уюштурат;
35) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
36) Конституция, ушул конституциялык Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
2. Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (4)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 01-р "Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы…Сот практикасы · Решение · 11.03.2020 · № 01-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Сот практикасы · Решение · 06.03.2019
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 19-сентябрындагы №05-р "Алтынбек Бакытбекович Мусаевдин, Арстанбек Сарыевич Досалиевдин кызыкчылыгын…Сот практикасы · Решение · 19.09.2018 · № 05-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Сот практикасы · Решение · 28.11.2013 · № 12-р
Беренеге цитата келтиргендер (6402)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Решение · 28.11.2013 · № 12-р
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2018 · № 186
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б (Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын…Распоряжение · 17.03.2020 · № 84-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип…Постановление · 05.01.2016 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен…Постановление · 19.05.2020 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби…Постановление · 03.04.2020 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 18-сентябрындагы № 400-б ("CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоочу жумушчу топ түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.09.2014 · № 400-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 148-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусунан улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал…Распоряжение · 27.04.2020 · № 148-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 74-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - министрдин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 271 буйругу менен түзүлгөн…Распоряжение · 14.03.2014 · № 74-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы №88-б "Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу…Распоряжение · 19.03.2020 · № 88-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б "Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28…Распоряжение · 20.03.2020 · № 92-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана…Постановление · 22.07.2014 · № 408
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 01-р "Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы…Решение · 11.03.2020 · № 01-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу…Постановление · 22.10.2019 · № 566
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б (Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана…Распоряжение · 23.09.2015 · № 470-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-октябрындагы № 543-б (Рентген-аппаратын сатып алуу тууралу) буйругуРаспоряжение · 28.10.2015 · № 543-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 616-б (Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексинин эскиздик долбоорун жактыруу тууралу)…Распоряжение · 21.12.2015 · № 616-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын ишке ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү…Распоряжение · 19.09.2017 · № 410-р
6402 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Решение · 28.11.2013 · № 12-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>