Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 5-январы № 1 Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 , 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөө жол-жоболорунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл чарба жерлеринин категориясынан жерлерди которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан алынган каражаттар:
- жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;
- иштетилүүчү жерлерди мелиорациялоого;
- кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатууга;
- жаңы жерлерди өздөштүрүү жана иштетилген жерлерди мелиорациялоо боюнча долбоордук-иликтөө иштерин аткарууга, алардын күрдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланыла тургандыгы белгиленсин.
3. Алынбай калган пайда төмөнкү эсептерден компенсациялана тургандыгы аныкталсын: бир гектар сугат айдоо жери - 1760 сом, кайрак айдоо жери - 610 сом, жайыттар - 90 сом. Ошол эле учурда алынбай калган пайданын суммасы - 49 (жер участогу пайдаланууга берилген учурда) жана 99 (жер участогу менчикке берилген учурда) коэффициентин колдонуу менен эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир айдын негизинде айыл чарба жерлерин башка категориядагы жерлерге которууда иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын мониторингин ишке ашырсын:
республикалык бюджетке - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан; жергиликтүү бюджеттерге - алынбай калган пайданын ордун толтуруудан.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-майындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоо киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 370 токтому;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ЧЕНЕМДЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Нвп = В х S х С, мында:
Нвп - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасы; S - которулуучу жер участогунун аянты, га менен; С - 49 (жер участогун пайдаланууга берүүдө) жана 99га (жер участогун менчикке берүүдө) тең коэффициент; В - жердин тийиштүү түрүн өздөштүрүү үчүн сумма 1 га жерге төмөнкү тартипте эсептелет: В = 40 х Зн, мында: 40 - жоготуулардын орточо арифметикалык чоңдугу; Зн - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер салыгынын базалык ставкасы.
2. Аңыздарды, чабындыларды жана жайыттарды которгондо (трансформациялаганда) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөөдө кайрак жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат, ал эми көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерди которгондо - сугат айдоо жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 26 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (26)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл…Постановление · 17.09.2018 · № 425
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 382
- КР Премьер-министринин 2021-жылдын 25-февралындагы № 117 "Экономикалык туруктуулукту камсыздоо, ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү, социалдык…Распоряжение · 25.02.2021 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2010 · № 317
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"…Постановление · 16.06.2020 · № 340
- КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр…Постановление · 21.11.2019 · № 617
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 509 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"…Постановление · 01.10.2020 · № 509
- Ивановка айылдык кенешинин 2020-жылдын 17-январь № 73/28 XХII "Ивановка айыл аймагында ичүүчү суу менен жабдуу муниципалдык объектилерин куруу максатында, Ивановка айыл аймагынын…Постановление · 17.01.2020 · № 73/28 XXII
- Ивановка айылдык кенешинин 2020-жылдын 10-апрели № 87/28 XXV “Жергиликтуу бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө” токтомуПостановление · 10.04.2020 · № 87/28-XXV
- Чүй айылдык кенешинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 6/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын…Постановление · 09.09.2021 · № 6/5
- Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 17-августу № 4/18 "Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга…Постановление · 17.08.2021 · № 4/18
- Памир-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрединдеги №10-4 Памир¬-Алай айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак участкасынан көмүр казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу…Постановление · 19.04.2024 · № 10-4
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын…Постановление · 04.10.2016 · № 528
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн…Постановление · 16.02.2023 · № 75
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу…Постановление · 25.12.2018 · № 631
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо…Постановление · 05.02.2010 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана…Постановление · 14.05.2012 · № 291 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана…Постановление · 12.12.2019 · № 676 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
26 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (11)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 382
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана…Постановление · 12.12.2019 · № 676 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 мая 2003 года №301 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 23.05.2003 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19 майындагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоо киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2009 · № 310 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июну № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө…Постановление · 24.06.2013 · № 370 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.