Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-майы № 256 Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82, КР Министрлер Кабинетинин 4 сентября 2026 года № 600 ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын камсыздоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле калктын ден соолугун сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирип кетишин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдүн колдонуу мөөнөтү убактылуу узартылсын:
1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин;
2) 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту 2021-жылдын 1-сентябрына чейин, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары;
3) өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтому менен белгиленген чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо же каттоону узартуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болушун узартууну каалаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими аяктаган күндөн тартып 10 (он) иш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) колдонуу мөөнөтү узартылган жогоруда аталган паспортторду Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) жана чыгуу үчүн чет өлкөлүк мамлекеттик чек арадан өтүү максатында колдонууга боло тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун 2021-жылдын 1-сентябрына чейин колдонууну узартуу жөнүндө тиешелүү белгини койдуруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрыла алыша тургандыгы
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген адамдарды жалпы республикалык тест тапшырууга киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде жүргүзүлө тургандыгы.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, анын сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо: төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын: "41. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун сүрөттөлүшүндө:
- 5-пункту "барган өлкөнүн жашоого уруксат берген" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн негизинде орто (толук) жалпы билим жөнүндө документтерди (аттестаттарды жана күбөлүктөрдү) берүү боюнча чараларды;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, анын ичинен форс-мажордук кырдаалдарга байланыштуу көрүлгөн убактылуу чаралар жөнүндө чет мамлекеттерге билдирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын мөөнөтү аяктаган убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарынын колдонуу мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен узартуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал киргизилген мезгилде төрөлгөн балдарды каттоо мөөнөтүн узартуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-майындагы № 41 (3113) жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен…Положение · 10.11.2006 · № 787
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 20067-жылдын 10-ноябрындагы №787 Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттјлүшүн жана…Постановление · 10.11.2006 · № 787
- Положение о паспорте гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года (утвержденное постановлением Правительства КР от 27 июля 2004 года №557)Положение · 27.07.2004 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябры № 600 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери…Постановление · 04.09.2026 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк…Постановление · 09.03.2021 · № 82
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому…Порядок · 19.12.2016 · № 689 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Постановление Правительства КР от 27 июля 2004 года №557 "Об утверждении Положения, описания и образца паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года и Положения…Постановление · 27.07.2004 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 20067-жылдын 10-ноябрындагы №787 Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттјлүшүн жана…Постановление · 10.11.2006 · № 787
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябры № 600 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери…Постановление · 04.09.2026 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.12.2016 · № 689 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон