Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгилөө жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-марты № 92-б Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 114 жана 115-беренелерине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12, 26 апрели, 2, 3, 4-майы иш күндөрү деп белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин (кызматчылардын) тизмесин аныкташсын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды ыкчам тартипте көрүшсүн.
3. Рекомендовать коммерческим банкам Кыргызской Республики, осуществляющим обслуживание бюджетных учреждений:
- объявить 22, 28, 29 марта, 4, 5, 7, 11, 12, 25, 26 апреля, 2, 3, 4 мая 2020 года рабочими днями;
- определить список работников, которые будут привлечены для осуществления трудовой деятельности в рабочие дни, указанные в абзаце втором настоящего пункта, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, регулирующим трудовые правоотношения;
- в срочном порядке принять соответствующие меры, вытекающие из настоящего распоряжения.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б буйруктарынын редакцияларына ылайык
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12, 25, 26-апрели, 2,3,4,-майы иш күндөрү деп белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б буйруктарынын редакцияларына ылайык
№
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик ишканаларынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы
1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
2
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
3
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
4
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
5
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
6
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
7
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
8
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги
9
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
10
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
11
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
12
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
13
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
14
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
15
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети
16
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
17
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
18
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
19
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
21
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
22
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)
23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
24
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
25
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
26
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
28
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
29
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
30
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги
31
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы
32
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
33
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
34
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча)
35
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик корпорациясы
36
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу (макулдашуу боюнча)
37
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэрияларынын муниципалдык администрациялары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча)
38
Айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү…Распоряжение · 30.04.2020 · № 155-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды керүү…Распоряжение · 24.04.2020 · № 139-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Сузак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-апрелиндеги №4 "Сузак айыл аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.04.2020 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон