Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023» программасын ишке ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды берүүнүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү процесстерди оптималдаштыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 19-сентябры № 410-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 341-б, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 476-р, 2018-жылдын 28-июнундагы № 242-р буйруктарынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын ишке ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды берүүнүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү процесстерди оптималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы) филиалдарынын кызматкерлери тарабынан документтерди кабыл алуу жана төрөлгөндүгүн, никелешүүнү, аталыгын аныктоону жана өлүмдү мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана кайталап берүү; Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карта-паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алуу жана аларды берүү; Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган орду жана барган орду боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу; кыймылсыз мүлкү бар/жок экендиги тууралуу маалымкаттарды, каттоо эсеби тууралуу маалымкаттарды берүү; жарандарга персоналдык идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана аларды өзгөртүү тууралуу арыздарды текшерүү жана кабыл алуу функцияларын аткаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирдикте "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарын жабык байланыш каналдары менен камсыздоого байланыштуу маселелерди чечсин;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин чечсин;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте ушул пункттун экинчи абзацында аталган кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин.
2. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-жылдын 1-октябрынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 341-б, буйругунун редакциясына ылайык) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 476-р буйругунун редакциясына ылайык) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-июнундагы № 242-р буйругунун редакциясына ылайык)
3. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары пилоттук долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде кызмат көрсөтүүлөрдүн НАРКЫ
№
Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы
Наркы
1
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карта-паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алуу жана аны берүү
50 сом
2
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алуу жана аны берүү
50 сом
3
Төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жана кайталап берилүүчү күбөлүктү алууга документтерди кабыл алуу жана аны берүү
50 сом
4
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жана кайталап берилүүчү күбөлүктү алууга документтерди кабыл алуу жана аны берүү
50 сом
5
Аталыгын аныктоону мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жана кайталап берилүүчү күбөлүктү алууга документтерди кабыл алуу жана аны берүү
50 сом
6
Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жана кайталап берилүүчү күбөлүктү алууга документтерди кабыл алуу жана аны берүү
50 сом
7
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган орду жана барган орду боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу
50 сом
8
Кыймылсыз мүлкү бар/жок экендиги тууралуу маалымкаттарды берүү
50 сом
9
Каттоо эсеби тууралуу маалымкаттарды берүү
50 сом
10
Жарандарга персоналдык идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана аларды өзгөртүү тууралуу арыздарды кабыл алуу
50 сом
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 242-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу)Распоряжение · 28.06.2019 · № 242-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 476-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 31.12.2018 · № 476-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 341-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 410-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.09.2018 · № 341-р
Шилтеме берет (6)
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.