Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Өкмөттүн мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 15 июля 2016 года № 116
1. Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эмес. Бул кепилдик Өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган учурларга карата колдонулбайт.
2. Өкмөттүн мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен акчалай сый акы алат, мыйзамдар менен белгиленген тартипте медициналык тейлөө жана социалдык - турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз кылынат.
3. Өкмөттүн мүчөсү Өкмөт тарабынан белгиленген учурларда жана шарттарда иш берүүчүнүн кызматтык турак жайына укуктуу. Өкмөттүн мүчөсү кызматтык турак жайды Өкмөттүн мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө бошотот.
4. Өкмөттүн отставкасынын натыйжасында кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү, ишеним көрсөтпөөгө же ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу Өкмөт отставкага кеткен учурларды кошпогондо, эки орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат.
5. Эгерде кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү жаңы Өкмөттүн курамынын мүчөлүгүнө же болбосо администрациялык ведомствонун жетекчилигине дайындалса, ушул берененин 4-бөлүгү менен каралган компенсация төлөнбөйт.
6. Кызматтык ишин аткаруу менен байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо, Өкмөттүн мүчөсүнө мамлекеттик коргоо камсыз кылынат. Зарыл болгондо Өкмөттүн мүчөсүнүн жубайына жана жакын туугандарына карата да коопсуздук чаралары колдонулушу мүмкүн.
Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби Өкмөттүн чечими менен белгиленет. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151, 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 15 июля 2016 года № 116 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>