Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Алтынбек Бакытбекович Мусаевдин, Арстанбек Сарыевич Досалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн Мукар Шалтакович Чолпонбаевдин, ошондой эле Каныбек Ташбалтаевич Туратовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча»чечими
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН Ч Е Ч И М И 2018-жылдын 19-сентябры №05-р Алтынбек Бакытбекович Мусаевдин, Арстанбек Сарыевич Досалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн Мукар Шалтакович Чолпонбаевдин, ошондой эле Каныбек Ташбалтаевич Туратовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын, кайрылуучу тарап - Алтынбек Бакытбекович Мусаевдин, анын ишеним кат боюнча өкүлү Улукбек Жолдошевич Калыбековдун, Арстанбек Сарыевич Досалиевдин, анын ишеним кат боюнча өкүлү Мукар Шалтакович Чолпонбаевдин, Каныбек Ташбалтаевич Туратовдун, анын ишеним кат боюнча өкүлү Миновархон Баратовна Мамбетованын; жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлдөрү Курсан Сатарович Асановдун, Жаныбек Токтошевич Канзамановдун; башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаевдин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
А.Б. Мусаевдин, А.С. Досалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн М.Ш. Чолпонбаевдин, К.Т. Туратовдун өтүнүчтөрү бул ишти кароого себеп болду.
Кызматкердин жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса, кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулушу мүмкүн деп караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К. Абдиевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 20-мартында А.Б. Мусаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Келип түшкөн материалдардан келип чыккандай, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктагандан кийин 2002-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумунда иштеп келген, 2015-жылдан тартып милициянын подполковниги наамында Жалал-Абад областынын Ноокен районунун ички иштер бѳлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген. Бир тууган инисинин өтө оор кылмышты жасаганы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан А.Б. Мусаевге карата кызматтык тергөө өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө арыздануучунун бир тууганы мурда бир нече жолу жазык жоопкерчилигине тартылганы жана соттолгону аныкталган. Кызматтык тергөөнүн корутундусунун негизинде 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 1006 буйрук менен А.Б. Мусаев кызматкердин жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса, кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулушу мүмкүн деп караштырган жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасына ылайык ички иштер органдарынан бошотулган. Арыздануучунун пикири боюнча, анын кызматтан бошотулушу адилетсиз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен таанылган укуктар менен эркиндиктерин бузууда. Ал бир тууган иниси менен эки башка үй-бүлөдө жана эки башка калк конуштарында чоңоюп жана тарбияланганы жөнүндө айтып, анысы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген тийиштүү документтер менен ырасталууда. Арыздануучунун түшүндүрүүсүнѳ караганда, бир тууганы экөө эки башка жашагандыктан ал анын тарбияланышына катышкан жок жана аны менен тууганчылык карым-катышта болгон эмес. Кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого жол бербѳѳ кепилдигин берет, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деп белгилейт. Конституцияга ылайык ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ.
А.Б. Мусаев талашылып жаткан ченем ага көз каранды болбогон жагдайдан улам, бир тууганынын соттуулугуна байланыштуу аны кодулоодо жана жакын туугандарынын соттуулугу болбогон ички иштер органдарынын башка кызматкерлерине салыштырмалуу аны тең эмес абалга коюуда деп эсептейт.
Арыздануучунун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасы менен бекитилген негиз анын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында андан ары кызмат өтөѳсүнө тыюу салып, эркин эмгектенүү укугунун жүзөгө ашырылуусуна карата негизсиз чектөөнү карайт. Андан тышкары, А.Б. Мусаев көрсөтүлгөн ченем мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин кылмыш жасоодо күнѳѳлүүнүн жеке жоопкерчилиги жөнүндө принцибине карама-каршы келет деп эсептейт. Жогоруда баяндалганга негизденип, кайрылуучу тарап талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 3-майындагы аныктамасы менен А.Б. Мусаевдин кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 19-июнунда А.С. Досалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн М.Ш. Чолпонбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыздануучу айткандай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасынын негизинде ички иштер органдарынан милициянын бир катар кызматкерлеринин бошотулушуна байланыштуу талашалып жаткан ченемдин конституциялуулугунда пайда болгон күмөндүүлүк Конституциялык палатага кайрылууга негиз болду. Ошентип, бул ченемге ылайык кызматкер жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса, кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулат.
М.Ш. Чолпонбаевдин пикири боюнча, талашылып жаткан ченем жаңы милдеттерди орнотууда жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин абалын начарлатууда, бул жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилѳѳчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт деп белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Кайрылуу субъекти өз жүйөлөрүндө милиция кызматкерин жакын тууганынын өзгөчө оор кылмыш үчүн соттуулугу болгон үчүн ички иштер органдарынан бошотууну үй-бүлѳлүк туугандык абалы боюнча кодулоо болуп эсептелет деп көрсөтүүдө. Бул чектөө аталган адамдардын конституциялык укуктарына шек келтирет жана ички иштер органдарынан бошотуунун объективдүү негизи боло албайт, анткени үй-бүлөгө таандыгы алардан кѳз каранды болбогондуктан, өзүнүн тегин өзгөртүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, арыздануучу жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүдѳн тышкары, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен бекитилген тартипти бузуп, мыйзам алдындагы акт менен киргизилген деп эсептейт. Баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 6-июлундагы аныктамасы менен А.С. Досалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн М.Ш. Чолпонбаевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 31-июлунда К.Т. Туратовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтөн жана келтирген материалдардан келип чыккандай арыздануучунун бир тууганы жазык жоопкерчилигине тартылган жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү боюнча соттун ѳкүмү менен 12 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон. Бул факт 2016-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мааламыттык технологиялардын башкы башкармалыгынын ыкчам каттоолору боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жана 2016-жылдын 4-октябрындагы № 870 буйругу менен Жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасында каралган негиз боюнча К.Т. Туратов ички иштер органдарынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыктын ыкчам кызматкери кызматынан бошотулган.
К.Т. Туратов жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту кабыл алууда негиз болуп эсептелген талашылып жаткан ченем анын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгү менен кепилденген конституциялык укуктарын, тактап айтканда эркин эмгектенүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдалануу, кесибин жана иштин түрүн тандоо укуктарын бузууда деп эсептейт. Анын пикири боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн Жобо адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет.
Баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы аныктамасы менен К.Т. Туратовдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
А.Б. Мусаевдин, А.С. Досалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн М.Ш. Чолпонбаевдин, ошондой эле К.Т. Туратовдун талаптары окшош болгондуктан, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык судья-баяндамачынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы аныктамасы менен аталган иштер бир өндүрүшкө бириктирилди.
Арыздануучулар жана алардын ѳкүлдѳрү соттук отурумда өзүлѳрүнүн талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну суранышты. Жоопкер тараптын өкүлү К.С. Асанов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана кийинкини билдирди. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
К.С. Асанов «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык укук коргоо кызматы - коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш-милдеттерди жүзөгө ашырган укук коргоо органдарындагы кызмат орундарында кесипкөй кызматтык ишин билдирген мамлекеттик кызматтын түрү деп белгилейт. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары - коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы. Ушуга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлерине кызматка алуу жана өтөөнүн өзгөчө талаптары коюлат.
Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдун контрол алдында жана отчеттуу болгону сыяктуу принциптерин жана укуктук негиздерин эске алганда, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жакын туугандары бар кызматкерлердин моралдык-этикалык жана адептүүлүк сапаттары тууралуу мүмкүн болуучу күмѳндүүлүктѳрдү четтеттүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлери кынтыксыз кадыр-баркка ээ болушу керек. Ушул принциптерди эске алуу менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине өзгөчө талаптар коюлат, алардын бири болуп соттуулугу бар жакын туугандары тарабынан терс таасирди жокко чыгаруу, алардан материалдык жана башка көз карандылыгын болтурбоо, ошондой эле кызыкчылыктар кагылышын, кызматтык жана ыкчам маалыматтын чыгып кетүүсүн болтурбоо жана мыйзамдуулуктун бузулуусун алдын алуу болуп саналат.
К.С. Асанов айткандай, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда соттолгон, ошондой эле соттук тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп таанылган жакын туугандары бар жарандарды ички иштер органдарында кызмат өтөөгө келтирбөө максатында аларга карата жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 60-пунктуна ылайык атайын текшерүү өткөрүлөт. Мындай текшерүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жолу менен жасалат, ал аяктагандан кийин кадр аппаратынын кызматкери тарабынан анын жыйынтыктары тууралуу корутунду түзүлөт да, ал боюнча материалдар жеке ишинде сакталат.
К.С. Асановдун пикири боюнча үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мамилелерин өз ара сыйлоо, өз ара жардам берүү жана бардык бүлөлөрдүн үй-бүлөнүн алдында жоопкерчилиги аркылуу куруу зарылдыгынан чыгууда. Ошентип, ар бир бүлө үй-бүлө жана коом алдында моралдык жоопкерчиликтүү болот.
Баяндалгандын негизинде К.С. Асанов талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келүүдө. Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Ж.Т. Канзаманов К.С. Асановдун жүйөлөрүн колдоду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков талашылып жаткан ченем боюнча кийинкидей пикирин билдирди. Ички иштер органдарындагы кызмат «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жана ага жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматка кирүү, кызмат өтөө жана мындай кызматты токтотуунун өзгөчө процедурасы менен шартталган.
Н.А. Касымбеков жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренеси менен белгиленген ички иштер органдарынын өзгөчө укуктук статусун белгиледи. Ички иштер органынын кызматкери бийлик өкүлү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосу астында болот жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кол тийгис укугуна ээ. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш (Мыйзамдын 10-беренеси). Ал ички иштер органдарына кадыр-баркы кынтыксыз адамдар иштөөсү керек деп эсептейт. Мындай зарылдык ички иштер органдарынын кызматкерлеринин моралдык-этикалык жана адептүүлүк сапаттары тууралуу күмѳндүүлүктү четтетүү максаты менен шартталган.
Конституциялык түзүлүштүн негиздеринин туруктуулугу үчүн мамлекет коомдук бийликти кыянаттык менен пайдалануудан жана анын криминалдашуусунан коргой турган натыйжалуу укуктук механизмдерге ар дайым муктаж. Ушул максаттарда коомдук кызматтарды ээлеген адамдардын кадыр-баркына жогорулатылган талаптар белгиленет. Ушуга байланыштуу, мамлекет бийликтин криминалдашуусун улуттук коопсуздукка коркунуч катары карап, көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү үчүн жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүдө укуктарын кайсы бир деңгээлде чектөөгө акысы бар. Мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматтарды дифференциациялоо жана алардын ар биринин укуктук статусун регламенттѳѳ менен бул чөйрөдө өзгөчө эрежелерди орнотууга укуктуу. Мындай укуктук көз караш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 31-октябрындагы, 2013-жылдын 26-ноябрындагы, 2015-жылдын 25-ноябрындагы, 2016-жылдын 27-январындагы чечимдеринде айтылган.
Н.А. Касымбековдун пикири боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн атайын талаптарды орнотуу кайсы бир жагдайларга жараша Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлигин бузуу, эркин эмгектенүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн эркин колдонуу, ишмерликтин түрүн жана кесипти тандоо укугун бузуу, кодулоо катары каралышы мүмкүн эмес.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын эске алып, Н.А Касымбеков ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн талашылып жаткан чектөөнү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт катары эмес, мыйзам түрүндө кабыл алуу тийиштүү болмок деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т. Айтбаев талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу тууралуу пикирин билдирди, анткени укук коргоо органдарындагы кызмат ишмерликтин коомдук түрү болгондуктан мамлекет тарабынан өзгөчө эрежелерди орнотууну талап кылат. Ишмерликтин жогоруда көрсөтүлгөн түрүн ыктыярдуу тандоо менен жаран ал ээ болгон өзгөчө укуктук статус менен шартталган чектөөлөр менен макул болот. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик кызмат өтөөнүн тиешелүү эрежелеринин жана аны тандаган адамга карата талаптардын орнотулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген мамлекеттик кызматка орношууга бирдей шартка болгон жана ѳзүнүн эмгекке жөндөмдүүлүгүн эркин колдонуу, ишмерликтин түрүн жана кесипти тандоо укугун бузуу катары каралышы мүмкүн эмес. Андан тышкары, ишмердүүлүктүн шарттары жана түрү боюнча ар кандай категорияларга таандык адамдардын укуктук статусундагы айырмачылыктар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде бекитилген теңдик принциби менен макулдашылат, анткени алар объективдүү түрдө акталган, негизделген болуп саналат жана конституциялык маанилүү максаттарга ылайык келет.
У.Т. Айтбаев жакын туугандарынын соттуулугу кызматка алуу же кызмат ѳтѳѳсүн улантуу жѳнүндѳ чечимге таасир этүүчү сөзсүз түрдө аныктоочу болбосо да, өзгөчө көңүл бурууну талап кылуучу объективдүү фактор бойдон кала берүүсү керек, анткени бул учурда ички иштер органдарынын кызматкеринин девианттуу жүрүм-турум тобокелдигин жокко чыгарбаш керек деп белгиледи.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү каралып жаткан маселенин алкагында мыйзамдарда жекече мамилени талап кылган ушул сыяктуу маселелерди чечүүдө конкреттештирүүчү критерийлерди белгилөө максатка ылайык деп эсептейт. Маселен, туугандар ортосунда өз ара мамиле кандай жана карым-катнаштын жыштыгы, ал адамдардан материалдык же башка көз карандылыгы, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкеринин кызматынын мүнөзү сыяктуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасы саналат. «106. Кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
ч) кызматкердин жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса;»
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөѳсү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген, мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык «Эркин-Тоо» гезитинде 2013-жылдын 25-июнунда № 53 (2319) санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өз чечимдеринде жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан адамдын өзүнүн жана анын субъективдүү укуктарынын баалуулугун таанууну билдирерин бир нече жолу белгилеген, аларды жүзөгө ашыруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети катары Баш мыйзамда аныкталган. Ошону менен конституциялык принцип декларацияланат, ага ылайык инсандын уккутарын таануу, сактоо жана коргоо укуктук мамлекеттин ажырагыс атрибуту, анын милдети болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги жана 2018-жылдын 30-майындагы чечимдери). Адам укуктарын кыйшаюусуз сактоонун пайдубал негиздеринин бири болуп укуктук мамлекеттеги адам ишмердигинин бардык чөйрөлөрү негиздене турган кодулабоо менен мыйзам жана сот алдында баары бирдей деген принцип саналат. Көрсөтүлгөн принцип Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген, ага ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес (16-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы). Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде кодулабоо принциби адамдын социалдык же болбосо башка сапаттарына жараша ага таандык укуктардын, эркиндиктердин же милдеттердин кысымга алынышын болтурбоо үчүн шарттарды түзүүнү болжойт деп бир нече жолу белгилеген (2013-жылдын 16-ноябрындагы чечими). Бул принцип жыныс, раса, тил, майыптуулук, этноско таандыктыгы, дин тутуу, жаш курак, саясий жана башка ынанымдар, билим, теги, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле адамдын жана жарандын коомдук жана жеке турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө укуктук мүмкүнчүлүктөр теңдигин бузууга алып келүүчү башка жагдайларга негизденген айырмачылыктарды, жокко чыгарууларды же артыкчылык берүүлөрдү ченемдик укуктук актыларда белгилөө мүмкүн эмес дегенди билдирет. Жогоруда белгиленген принципти кармануу аныктоочу болуп саналат жана эмгек укугу жаатындагы укуктук мамилелерди кошуп, адамдын турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салууда милдеттүү мүнөзгө ээ. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугун кепилдейт (42-беренесинин 3-бөлүгү). Жогоруда көрсөтүлгөн ар ким ал өзү эркин тандап алган же өз ыктыяры менен макул болгон эмгеги менен жанын багуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек дегенди билдирет. Дал ошондуктан эмгекти тандоо эркиндиги конституциялык кепилдиктердин өзгөчө категориясына бөлүнүп чыгарылат. Ошентип, эркин эмгектенүү укугу жарандарга алардын финансылык, социалдык, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырган шарттары бар эмгек ишмердигин өз ыктыяры менен тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнү билдирет. Кыргыз Республикасынын Конституциясы мажбурлоо эмгегине тыюу салат жана ар бир адамга эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн эркин пайдалануу, кесибин жана ишмердиктин түрүн тандоо укугун берет. Ошентип, эркин эмгектенүү укугу ар бир инсандын субъективдүү укугу катары мамлекеттүүлүктүн демократиялык маңызын алдын ала аныктайт, анда инсандын экономикалык эркиндиги коомдун социалдык-экономикалык жашоосун укуктук жөнгө салууда баалуу ориентир болуп калат. Эркин эмгектенүү принциби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинен тышкары эл аралык-укуктук актыларда да чагылдырылган. Ошентип, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 23-беренеси ар бир адамдын эмгекке, жумушту эркин тандоо, адилеттүү жана жагымдуу эмгек шарттарына жана жумушсуздуктан коргоо укугун жарыялайт. Эмгек эркиндигин жана эмгекке болгон укукту өз ара бири бирин толуктаган жана эмгекке жарамдуу жарандардын жашоосунун жана ишмердигинин пайдубал укуктук негиздерин аныктаган объективдүү зарыл категориялар катары кароо зарыл. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы бүтүндөй коомдун коопсуздугу жана анын тиричилик шарттарынын жагымдуулугу көз каранды болгон конституциялык маанилүү максаттарда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө мүмкүндүгүнө жол берет. Бул чектөөлөр улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарында мыйзамдар менен гана киргизилиши мүмкүн. Мындай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (20-берененин 2-бөлүгү).
3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык укук коргоо кызматы мамлекеттик кызматтын бөлүгү болуп саналат.
Укук коргоо органдары – бул өзүнүн укуктук табияты боюнча сот бийлиги менен прокуратурага жакын мамлекеттик органдардын бир түрү, укук коргоо мүнөзүндөгү функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти бекемдөө максатында юридикалык таасир этүү чараларын колдонуу укугуна ээ. Укук коргоо ишмердиги мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатын көздөгөндүктөн мамлекеттик башкаруунун өзгөчө маанилүү чөйрөлөрүнүн бири болуп саналат. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары – бул коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары аткаруу бийлик органдарынын тутумунда өзөктүү орундардын бирин ээлейт. Бул мамлекеттик органга өзгөчө статустун берилиши, ага адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, өлкөдө укуктук тартипти камсыздоо жаатында аткаруу бийлигинин милдеттерин аткаруу боюнча функциялардын жүктөлүшү менен байланышкан. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укуктук статусу да өзгөчө мааниге ээ, анткени аларга ички иштер чөйрөсүндө мамлекеттик функцияларды болушунча натыйжалуу жана толук кандуу жүзөгө ашырууга жол берген ыйгарым укуктар көлөмүн ыйгарууну болжойт. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ички иштер органдарынын негизги милдеттери төмөндөгүлөр: коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, компетенциясынын чектеринде кылмыш-жаза жазаларды жана административдик жаза чараларын аткаруу, жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө контролдоп-уруксат берүүчү чараларды жүзөгө ашыруу. Мамлекеттик бийликтин бул органына жүктөлгөн милдеттердин өзгөчө маанисин эске алганда ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдар тарабынан мамлекеттин атынан жүзөгө ашырылуучу мажбурлоо чараларын колдонуу укугун алышат. Мындай мажбурлоо колдонулган учурда алар инсандын укуктары менен эркиндикетринин чөйрөсүнө кол салууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген пайдубал укуктар менен эркиндиктердин бузулуу чоӊ тобокелдиги менен байланышкан. Мыйзам чыгаруучу ички иштер органдарында кызмат өтөө, биринчи кезекте, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча конституциялык маанилүү функцияларды аткаруу менен шартталган коомдук кызыкчылыктарды жүзөгө ашырууга багытталганын эске алуу менен, ички иштер органдарынын кызматкери болгон же бул органда кызмат өтөөгө талапкер болгон жарандардын категориясы үчүн алардын жеке жана ишчил сапаттарына өзгөчө талаптарды койгону негиздүү, анткени мындан ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун натыйжалуулугу гана эмес, инсандын укуктары жана эркиндиктери сыяктуу коомдук мамилелердин кыйла сезимтал чөйрөсүнө киришүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын да белгилейт. Мындай талаптар кадимкидей эле жарандардын белгилүү категориясы үчүн укуктарды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүндө жол берилген айырмачылыктардын пайда болушуна алып келет. Мында, укук субъектилеринин укуктары менен милдеттериндеги айырмачылыктарга алып келүүчү укуктук жөнгө салуудагы ар бир дифференциация мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын, анын ичинде айырмачылыктар объективдүү акталуу, негиздүү жана конституциялык маанилүү максаттарды көздөгөн болсо, ал эми бул максаттарга жетүү үчүн колдонулган укуктук каражаттар аларга өлчөмдөш болсо аларга жол берилет деген теӊдик принцибинен келип чыгуучу талаптарды сактоо менен ишке ашырылышы керек (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 11-майындагы чечими).
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкеринин жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса, кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулушу ички иштер органдарында кызмат өтөө укугун чектөө болуп саналат.
Бул чектөө, ченем жаратуучу органдын ою боюнча ички иштер органдарынын кызмакерлери тарабынан, кадыресе, өзгөчө оор кылмыш жасаган же соттук тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп табылган жакын туугандарына көмөк көрсөтүү максатында бийлик ыйгарым укуктарын мүмкүн болуучу аша чаап же кыянаттык менен пайдаланууга белгилүү бир тоскоолдук туудурат. Ошону менен бирге, мындай учурларда, жеке (индивидуалдык) күнөөкөр болуу жоопкерчилик принциби ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрү укукка каршы аракеттердин субъекттери болуп калуусун болжойт да, тиешелүү мыйзамдар алкагында жеке жоопкерчилик тартууга тийиш. Жеке жоопкерчилик принцибинин мазмуну «кылмыш субъекти» жана «жоопкерчилик субъекти» түшүнүктөр ортосунда теңдикти орнотууга алып келүүдө. Укуктук, демократиялык мамлекетти куруу коллективдүү жоопкерчиликтин ар кандай формасын жокко чыгаруучу жоопкерчилик тартуунун «субъективизация» процессине ырааттуу келүүнү талап кылат. Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченем жалпылаштырган мүнөзгө ээ болуп, анын жөнгө салуу таасири багытталган укуктук мамилелердин бардык аспектилерин эске албайт, бул укуктун формалдуу аткарылуусуна жана анын көздөгөн максаттарга өлчөмдөш эмес болушуна алып келүүдө деген тыянкка келүүдө. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү менен шартталган ушундай чектөөлөр дифференциацияланган жана деталдаштырылган болушу керек, конституциялык принциптерди бузуу жана жаңы адилетсиздикти жаратуунун бардык мүмкүн боло турган тобокелдиктерин эске алышы керек.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен адам укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар деп жарыяланган, ушуга байланыштуу аларды чектөө Конституциянын өзү менен белгиленген форма жана процедура боюнча гана мүмкүн, тактап айтканда мамлекеттик бийликтин жогорку мыйзам чыгаруучу органы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынуучу мыйзам менен болуу керек деп белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жободо аныкталуу керек деп белгиленген (7-берене). «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Републикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын токтомдорду кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырат, алар «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга ылайык мыйзам алдындагы актылар болуп саналат. Демек, кызматкерди жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса, кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулушун караган ченем мыйзам алдындагы акт менен киргизилген, буга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талаптарына ылайык жол берилбейт. Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзам менен ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн квалификациялык талаптарын жана шарттарын орнотуу ыйгарым укугунун берилиши чектөөлөрдү мыйзам алдындагы акт менен киргизүүгө мыйзам чыгаруучу тарабынан жол берилет дегенди түшүндүрбөйт деп белгилейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун «ч» пунктчасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ички иштер органдарынын кызматкерлерин бошотуу тартибинин колдонуудагы укуктук жөнгө салынышына ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө чагылдырылган укуктук көз караштан улам өзгөртүүнү демилге кылсын.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасыынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 26-р "жарандар Исыр Юсупович Лоунун, Эсенали Ибилисович Турганбаевдин, Рахман Хусеевич Багиевдин…Решение · 23.04.2014 · № 26-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 11-майындагы N 3-р "жарандар Павел Николаевич Евсеевдин жана Наурызхан Батырханович Душенбековдун…Решение · 11.05.2016 · № № 03-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 20.06.2013 · № 360 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен…Положение · 20.06.2013 · № 360 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон