Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-июлу № 408 Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо ишин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 18-беренелерине, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү киргизсин:
- "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомун "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2004 года № 466 "Об утверждении Правил осуществления государственного контроля над оборотом наркотических средств, психотропных веществ…Постановление · 22.06.2004 · № 466 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Правила осуществления государственного контроля над оборотом наркотических средств, психотропных веществ и прекурсоров в Кыргызской Республике (утвержденные постановлением…Правила · 22.06.2004 · № 466 · Күчүн жоготкон