Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусунан улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин чечүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 27-апрели № 148-б Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусунан улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругун эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 24-мартындагы № 55, "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 24-мартындагы № 56, "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 24-мартындагы № 57, "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 72 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 170-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу эмгек ченемин (кызматтык милдеттерин) аткарбаган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери жана башка кызматкерлери үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- кепилденген эмгек акылары сакталат, ал негизги иштеген жери боюнча бир ставкадан ашпаган өлчөмдө эсептелүүгө тийиш;
- кызматтык маянага башка кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 55 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.03.2020 · № 55 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 72 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.04.2020 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө"…Указ · 24.03.2020 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 57 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында аймагында өзгөчө абал киргизүү…Указ · 24.03.2020 · № 57 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 22.03.2020 · № 93-р · Күчүн жоготкон