Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-апрели № 194 Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык) Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын, инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал оорлошкон өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктар жаралган учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды ыкчам уюштурууну камсыздоо, карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө каражаттарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Жобого ылайык эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылуусун камсыз кылышсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү ишине тартылган башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине 2020-жылдын 1-мартынан 22-мартына чейинки мезгилде бир күнгө 500 (беш жүз) сомдон жүргүзүлгөн төлөмдөр компенсация түрүндөгү кайтарымсыз төлөмдөр болуп эсептелет;
- саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун тартылган адамдарына, ошондой эле келишимдин негизинде эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган адамдарга компенсация түрүндө төлөнүүчү кайтарымсыз төлөм ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган сумма болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобо медициналык кызматтын эпидемиялар менен күрөшүү жана алдын алуу иштерине атайын тартылган аскер кызматчыларына карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 64-пункту.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 22-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Положение · 03.04.2020 · № 194
- КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 токтомуна) 2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги…Положение · 15.09.2021 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын…Постановление · 03.08.2020 · № 408
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын…Постановление · 11.05.2020 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын…Постановление · 14.05.2026 · № 343
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 222 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.04.2020 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө…Постановление · 30.01.2006 · № 47 · Күчүн жоготкон
- Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына…Инструкция · 30.01.2006 · № 47 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 249 токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 249
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 "Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө…Постановление · 30.01.2006 · № 47 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 октября 2000 года N 639 " Об утверждении Положения о дополнительных гарантиях и компенсациях военнослужащим, выполняющим задачи в условиях…Постановление · 26.10.2000 · № 639 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о дополнительных гарантиях и компенсациях военнослужащим, выполняющим задачи в условиях чрезвычайного положения и при вооруженных конфликтах на территории Кыргызской…Положение · 26.10.2000 · № 639 · Күчүн жоготкон