Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44 "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-07.
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 27-апрели № 133 Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-февралындагы № 34 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзам асыл тукум малды көбөйтүү, асыл тукум продукцияны (материалды) өндүрүү жана пайдалануу боюнча иштин укуктук, экономикалык, уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана асыл тукум малдын генофондун сактоого жана көбөйтүүгө, тукумдатууга жана алардын азыктуулук сапатын жакшыртууга багытталган.
1-берене
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр Асыл тукум малды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо - асыл тукум малды жана мал үйүрлөрүн идентификациялоо, тегин аныктоо жана продукттуулугун аныктоо максатында асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум мал үйүрлөрү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда эсепке алуу. Асылдандыруу иштеринин субъектилери - асыл тукум малды көбөйтүп, асыл тукум продукцияны (материалдарды) селекциялык максатта пайдаланып жана өндүрүп жаткан, ошондой эле асылдандыруу иштерине тейлөө кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар. Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган аткаруу бийлигинин асылдандыруу ишин башкаруу жаатындагы мамлекеттик органы. Асылдандыруу иши - колдо болгон айыл чарба жаныбарларын сактоого жана сапатын жакшыртууга жана жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын чыгарууга багытталган зоотехникалык, биологиялык-генетикалык жана уюштуруучу-чарбалык иш-чаралардын системасы; Асыл тукум жаныбар - теги документтүү ырасталган, белгилүү бир породаны чыгарууга пайдаланылуучу жана мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда катталган айыл чарба жаныбарлары. Асыл тукум үйүрү - тигил же бул породанын стандарттуу талаптарына жооп берүүчү, атайын селекциялык-асылдандыруу иштери жүргүзүлө турган айыл чарба жаныбарларынын ар кандай жыныстагы жана жаштагы белгилүү бир сандагы асыл тукум тобу. Асыл тукум (селекциялык) өзөгү - үйүрдү оңдоо үчүн пайдаланыла турган жогорку баалуу элита тубар жаныбарлар, булар жаныбарлардын тегине жана продукттуулугуна жараша жекече бонитировканын жыйынтыгы менен тандап алынат. Селекциялык-асылдандыруу иши - мал чарбасындагы асылдандыруу ишинде малдын продукттуулук жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси. Асыл тукум күбөлүгү - асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, асыл тукум жаныбардын тегин, продукттуулугун жана башка сапаттарын, ошондой эле ата-энесинин генетикалык тектерин жана уруктун же түйүлдүктүн сапатын ырастаган документ. Асыл тукумдук продукция (материал) - асыл тукум жаныбар, анын уругу жана түйүлдүгү, жумурткасы. Асыл-тукумдук баалуулук - асыл тукум жаныбардын генетикалык потенциалынын деңгээли жана ал генетикалык потенциалдын тукумдун чарбалык пайдалуу белгилерине тийгизген таасири. Бонитировка - андан ары да пайдалануу максатында асыл тукум жаныбардын асылдык жана продукттуулук сапатын, ошондой эле башка асыл тукум продукциянын сапаттарын баалоо. Геномдук селекция - бул гендердин варианттары менен чарбалык-пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланыштуулукту табууга жана азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берген дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин жардамы менен малды гендик типтештирүү. Дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлери - бул ар кандай жандыктардын, породалардын, сорттордун, линиялардын гендик типтерин салыштырууда белгилүү бир ген үчүн же хромосомдун башка кандай болбосун участогу үчүн молекулалык биологиянын ыкмасы менен дезоксирибонуклеин кычкылдыктарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун деңгээлинде аныкталуучу полиморфтук белги. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене
2-берене. Мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн максаттары менен милдеттери жана ага укуктуулук
1. Мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин максаттары:
- асылдандыруу ишинин субъектилери үчүн кайра өндүрүү маселесин чечүүгө шарттарды түзүү;
- жогорку продуктулуу айыл чарба жаныбарларын өстүрүү;
- асыл тукум жаныбарлардын генофондун сактоо жана селекциянын заманбап технологияларын киргизүү.
2. Асылдандыруу ишинин милдеттери:
- мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Мыйзамга ылайык уюштуруу;
- жогорку продуктулуу жаңы породаларды, түрлөрдү, линияларды, тукумдарды чыгарууга жана Кыргыз Республикасындагы колдо болгон айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын генофондун сактоого жана өркүндөтүүгө шарттарды түзүү;
- жаныбарлардын жана канаттуулардын каттоосун, идентификациясын уюштуруу, асылдандыруу документтерин жүргүзүү жана асыл тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине жана мамлекеттик асыл тукум каттоосуна каттоо;
- асыл тукум ишин мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө, анын ичинде айыл чарба жаныбарларынын аз сандагы жана жок болуп бараткан породаларынын генофондун сактоо боюнча, селекциялык максаттар үчүн пайдалуу сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын асылдандыруу иши жаатындагы эл аралык кызматташтыгын координациялоо;
- асылдандыруу иши жаатында илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, аларды асылдандыруу ишинин субъектилеринин арасында пропагандалоо;
- мамлекеттик асыл тукум заводдорду, чарбаларды, фермаларды, дыйкан (фермердик) чарбаларды түзүү жана мезгилдүү апробациялоодон өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу.
3. Кыргыз Республикасындагы асылдандыруу ишин асылдандыруу ишинин субъектилери жүргүзүшөт.
4. Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асылдандыруу ишинин субъектилеринин иштерин координациялайт.
5. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Асылдандыруу ишинин субъектилерине статус берүү жана алып коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170, 2014-жылдын 18-февралындагы № 34, 2019-жылдын 8-июлундагы N 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Асыл тукум жаныбарлары бар асылдандыруу ишинин субъекттеринин милдеттери Асылдандыруу ишинин субъектилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- селекциялык-асылдандыруу ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын асыл тукум ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарлардын жогорку продуктулуу жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын жана тукумдарын чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- айыл чарба жаныбарларынын колдо болгон генофондун сактоо жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды каттоого, идентификациялоого, асыл тукумдук документтерди жүргүзүүгө жана асыл тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларга жана асыл тукум продукцияга бонитировка жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум продукцияны сатуу боюнча көргөзмөлөрдү, мал көрсөтүүлөрдү, кароолорду, аукциондорду жана конкурстарды уюштурууга катышууга.
4-берене. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү
1. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте ишке ашырылат.
2. Асылдандыруу ишинин субъектилерин, асылдандыруу иши боюнча фундаменталдык, прикладдык илимий изилдөөлөрдү, жаңы технологияларды, аспаптарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши жаатындагы кадрларды даярдоону жана кайрадан даярдоону каржылоо - мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынуучу мамлекеттик программалардын негизинде ишке ашырылат.
3. Асылдандыруу ишин жүргүзүүчү мамлекеттик ишканалар айыл чарба багытындагы мамлекеттик жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.
4. Мамлекеттик асыл тукум ишканаларынын жери, негизги каражаттары, айыл чарба жаныбарларынын тукумдук өзөгү мамлекеттик менчик болот жана аларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
5-берене
5-берене. Асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо Асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Генофондду жана селекциялык жетишкендиктерди сактоо
1. Жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо үчүн генофонддук чарбалар, уруктун, тукум клеткалардын, эмбриондордун, зиготалардын банктары уюштурулуп, мамлекет тарабынан коргоого алынат.
2. Мамлекет мал чарбасындагы селекциялык жетишкендиктер жана селекционерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте сакталышын гарантиялайт.
7-берене. Асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо
1. Мамлекеттик каттоонун объектилери болуп асыл тукум жаныбарлар, асыл тукум үйүрлөр жана канаттуулар эсептелет.
2. Асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо бонитировканын бирдиктүү убактысын белгилөө менен асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине жана мамлекеттик асыл тукум каттоосуна жазып киргизүү жолу менен асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ошондой эле асылдандыруу ишинин субъектилери тарабынан ишке ашырылат.
3. Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик асыл тукум каттоосу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8-берене. Селекциялык-асылдандыруу ишин мамлекеттик контролдоо
1. Селекциялык-асылдандыруу ишин мамлекеттик контролдоо асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
2. Селекциялык-асылдандыруу ишин мамлекеттик контролдоо боюнча иш-чаралар мал чарбасындагы асылдандыруу иши боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү, асылдандыруу чарбаларынын өз статустарына шайкеш келерин кез-кези менен текшерип туруу, асыл тукум жаныбарлардын генофондун, ошондой эле селекциянын-асылдандыруунун жетишкендиктерин сактоо максатында жүргүзүлөт.
9-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын нормаларын бузган асылдандыруу ишинин субъектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10-берене. Эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасы асылдандыруу иши жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар жана (же) чет өлкөлүк юридикалык жактар асылдандыруу жаатындагы ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.
10-берене. Эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасы асылдандыруу иши жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар жана (же) чет өлкөлүк юридикалык жактар асылдандыруу жаатындагы ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.
11-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1124-ХII "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл-тукум иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 99-ст.);
- 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1125-ХII "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл-тукум иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 100-ст.);
- 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 7-пункту ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 39 · байланышкандар: 19
Цитата келтиргендер (39)
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 128-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 04.02.2026 · № 128-VIII
- Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндөЗакон · 17.03.2021 · № 35
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2013 · № 138
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.07.2015 · № 516
- Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 токтому…Порядок · 22.07.2015 · № 516
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы (Кыргыз…План · 27.01.2026 · № 39-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 424-ни "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы…Приказ · 27.11.2023 · № 424-ни
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 133-VIII “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.02.2026 · № 133-VIII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 "Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобону жана Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн…Постановление · 15.11.2023 · № 607
- Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 токтомуна)Положение · 15.11.2023 · № 607
- Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 токтомуна)Положение · 15.11.2023 · № 607
- Постановление Правительства КР от 26 августа 2020 года № 449 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Порядка присвоения и…Постановление · 26.08.2020 · № 449
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.07.2024 · № 416
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум…Постановление · 14.04.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221 "Кыргыз…Постановление · 14.04.2025 · № 197
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №367 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн" УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫСтратегия · 05.07.2011 · № 367 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 191 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 16.02.2018 · № 58-б · Күчүн жоготкон
39 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.10.2012 · № 170
- Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл-тукум иши жөнүндөЗакон · 18.12.1992 · № 1124-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан асыл тукум заводунун жана асыл тукум фермасынын статусу ыйгарылган…Постановление · 15.12.2017 · № 812 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (19)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 3086-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2019 · № 3086-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3026-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 3026-VI
- (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругуна ылайык) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл…Порядок · 19.09.2022 · № 329-ни
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3035-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2019 · № 3035-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 187 "Бодо малды жасалма уруктандыруунун 300 пунктун ачуу" долбоору боюнча сатылып алынган жабдууларды жана…Постановление · 09.04.2013 · № 187
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2306-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" ("Күрɵɵ жɵнүндɵ"…Постановление · 27.09.2012 · № 2306-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2349-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Күрөө жөнүндө", "Инвестициялык фонддор…Постановление · 04.10.2012 · № 2349-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2350-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Күрөө жөнүндө", "Инвестициялык фонддор…Постановление · 04.10.2012 · № 2350-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2992-VI "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 10.04.2019 · № 2992-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3039-VI "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши, жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 08.05.2019 · № 3039-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 3088-VI "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 30.05.2019 · № 3088-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы № 3658-V «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 05.12.2013 · № 3658-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-декабрындагы № 3741-V "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 26.12.2013 · № 3741-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3769-V «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүңдө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү…Постановление · 22.01.2014 · № 3769-V
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 15-майындагы № 05/2-17/109 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум…Приказ · 15.05.2025 · № 05/2-17/109 · Күчүн жоготкон