Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-марты № 138 Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, асыл тукум жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо, генефонддук чарбаны, уруктардын банкын түзүү, мамлекеттик мүлктү максаттуу, натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" болуп өзгөртүп аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасын өзүнүн карамагына белгиленген тартипте өткөрүп алсын;
(КР Ө кмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элита мамлекеттик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы" деген позиция күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 211
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 211
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.07.2011 · № 367 · Күчүн жоготкон