Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» БУЙРУГУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 27-ноябры № 424-ни
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобонун негизинде буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыштар бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти: - ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн; - бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып анын көчүрмөсүн үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө мал чарба тармагын тейлеген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тартып жети жумуш күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр
А.С.Джаныбеков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-ж “27”ноябрь№ 424-НИ буйругуна
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары
65. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1.
Кызматтын аталышы
Алып келинген асыл тукум малдын уругунун сапатына лабораториялык изилдөөнүн негизинде лабораториялык корутунду берүү, мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестринин 5 главасы, 65 пункту
2.
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (мындан ары – КР АЧМ), Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти (мындан ары – Департамент) Байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Департаменттин маалымат такталарында жана айыл чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын КР АЧМ расмий сайтында - www.agroprod.kg. жайгаштырылат
3.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Асыл тукум материалдарын – асыл тукум жаныбарлардын уруктарын өндүрүү, алып келүү, сактоо жана сатуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактар
4.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому
5.
Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Асыл тукум малдын уруктарынын сапаты жөнүндө лабораториялык корутунду берүү
6.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү үчүн орун бар жерде, көчүрмө аппарат, телефондору менен кезек күтүү тартибинде, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДЧА) үчүн ыңгайлуу пандустар, кармагычтар менен жабдылган жайда ишке ашырылат Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары, Улуу ата мекендик согуштун майыптары, ооруктун эмгекчилери, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет
7.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Арызды кабыл алууга берилген убакыт- 10 мүнөт Ташылып келинген уруктун үлгүлөрүн алуунун жана изилдөө үчүн лабораторияга жеткирүүнүн максималдуу мөөнөтү – 5 жумуш күндөн ашык эмес Лабораториялык изилдөөгө берилген убакыт – 1 саат. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө берилген убакыт – 20 мүнөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүн маалымдоо
8.
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымдоо (зарыл болгон маалыматтардын тизмеси)
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
– КР АЧМ коомдук кабылдамасында;
– КР АЧМ сайтында www.agroprod.kg;
– Департаментке жеке же телефон аркылуу кайрылып алса болот;
Төмөнкү маалыматтар берилет:
– бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр);
– төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай эмес, которуу менен);
– кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору жөнүндө маалымат;
– мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын бар экендиги жөнүндө маалымат.
Кайрылуу жазуу жүзүндө, же электрондук түрдө болушу мүмкүн. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9.
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу жолдору (мүмкүн болгон бардык жолдорду мүнөздөө же тизмелөө)
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөндөгүлөр аркылуу таратылат :
– радио, телевидение, маалымат сайттары;
– газеталар;
– КР АЧМ сайты;
– КР АЧМ коомдук кабылдамасы;
– маалымат стенддери, буклеттер жана брошюралар;
– телефондор
Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарттары менен бирге Департаменттин маалымат такталарына жана КР АЧМнин сайтына жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10.
Келгендер менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат:
– сылык, кайрымдуу, туура, чыдамдуу, принципиалдуу болууну,
– маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулууну,
– маектешти угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап жана далилдей билүүнү.
Бардык кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык нормаларды сактоого тийиш. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейджиктери) болушу керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу жана көрүүсү боюнча ДЧА) үчүн баарлашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт.
11.
Купуялыкты камсыз кылуу ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12.
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жасалган аракеттердин тизмеги
Кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү камсыздайт:
– асыл тукум малдын уругуна лабораториялык изилдөө жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү жөнүндө арыз;
– инсандыгын ырастоочу документ (паспорт);
– кызматтын акысы үчүн төлөмдү ырастоочу документ;
– уруктун асыл тукум сертификаты же анын асыл тукумдук келип чыгышын тастыктаган алмаштыруучу документ жана ветеринардык сертификат же уруктун коопсуздугу жөнүндө сертификат;
Арыз ээсинен талап кылууга тыюу салынат:
– "Түндүк"ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди
13.
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын баасы
Кызмат көрсөтүүнүн баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен КР АЧМ тарабынан бекитилет Кызмат көрсөтүүнүн баасы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Департаменттин маалымат такталарында, КР АЧМнин сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат
14.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын ченемдери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү ченемдер менен аныкталат:
– көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз мөөнөттүүлүгү;
– кызмат алган адамдарды басмырлоого жол бербөө;
– жеткиликтүүлүк;
– кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги
15.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Асыл тукум малдын алынып келинген уруктарын лабораториялык изилдөөгө арызды жана коштоочу документтерди кабыл алуу жана кароо электрондук почта аркылуу мүмкүн, бирок кызматтын өзүндө уруктун үлгүлөрүн сактоочу жайга баруу менен чогултуу жана сапатты текшерүү үчүн лабораторияга жеткирүү каралган, ошондуктан кызматты толугу менен электрондук форматка өткөрүү мүмкүн эмес
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
– ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди керектөөчүнүн толук эмес берүүсү.
17.
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү белгиленген тартипте Департаменттин жетекчилигине кайрылууга укуктуу Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү КР АЧМне оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле, доонун маңызы, кызмат көрсөтүлгөннү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор негизинде бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат Даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу
18.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен дайыма кайрадан каралып турууга тийиш
66. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1.
Кызматтын аталышы
Асыл тукум малдын асыл тукумдук жана азыктуулук сапаттарын жана тегин аныктоо - мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестринин 5 главасы, 66 пункту
2.
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (мындан ары – КР АЧМ), Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти (мындан ары – Департамент). Байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Департаменттин маалымат такталарында жана айыл чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын КР АЧМ расмий сайтында – www.agroprod.kg жайгаштырылат
3.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
Асыл тукум субъекти статусуна ээ чарбалар
4.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 - жылдын 6 - августундагы №116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому
5.
Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
Асыл тукум күбөлүгүн берүү
6.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Кызмат белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда күтүү үчүн орун бар жерде, көчүрмө аппарат, телефондору менен кезек күтүү тартибинде, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДЧА) үчүн ыңгайлуу пандустар, кармагычтар менен жабдылган жайда ишке ашырылат Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары, Улуу ата мекендик согуштун майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет
7.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Арызды кабыл алууга чектелген убакыт-15 мүнөт Маалыматтарды карап чыгууга, жерине барып, жаныбарлардын баалуулугун аныктоо жана асыл тукум күбөлүгүн даярдоо үчүн чектелген убакыт - 10 жумуш күндөн ашык эмес; Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт – 15 мүнөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүн маалымдоо
8.
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымдоо (зарыл болгон маалыматтардын тизмеси)
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
– КР АЧМ коомдук кабылдамасында;
– КР АЧМ сайтында www.agroprod.kg;
– Департаментке жеке же телефон аркылуу кайрылып алса болот
Төмөнкү маалыматтар берилет:
– бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр);
– төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу менен);
– кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору жөнүндө маалымат;
– мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын бар экендиги жөнүндө маалымат
Кайрылуу жазуу жүзүндө же электрондук түрдө болушу мүмкүн Маалымат кардардын каалоосу боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет
9.
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу жолдору (мүмкүн болгон бардык жолдорду мүнөздөө же тизмелөө)
Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөндөгүлөр аркылуу таратылат :
– радио, телевидение, маалымат сайттары;
– газеталар;
– КР АЧМ сайты;
– КР АЧМ коомдук кабылдамасы;
– маалымат стенддери, буклеттер жана брошюралар;
– телефондор
Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарттары менен бирге Департаменттин маалымат такталарына жана КР АЧМнин сайтына жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10.
Келгендер менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат:
– сылык, кайрымдуу, туура, чыдамдуу, принципиалдуу болууну,
– маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулууну,
– маектешти угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап жана далилдей билүүнү,
– бардык кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык нормаларды сактоого тийиш,
– калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейджиктери) болушу керек,
– өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу жана көрүүсү боюнча ДЧА) үчүн баарлашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт
11.
Купуялыкты камсыз кылуу ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12.
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жасалган аракеттердин тизмеги
Кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү камсыздайт:
– асыл тукум күбөлүгүн берүү жөнүндө арыз,
– документтердин түп нускалары: асыл тукум теги такталган асыл тукум карточкалары
– инсандыгын ырастоочу документ (паспорт);
–кызматтын акысы үчүн төлөмдү ырастоочу документ; Арыз ээсинен талап кылууга тыюу салынат:
– "Түндүк"ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди
13.
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын баасы
Кызмат көрсөтүүнүн баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен КР АЧМ тарабынан бекитилет Кызмат көрсөтүүнүн баасы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Департаменттин маалымат такталарында, КР АЧМнин сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат
14.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын ченемдери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү ченемдер менен аныкталат:
– көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз мөөнөттүүлүгү;
– кызмат алган адамдарды басмырлоого жол бербөө;
– жеткиликтүүлүк;
– кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги
15.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Кызматка арызды жана коштоочу документтерди кабыл алуу жана кароо электрондук почта аркылуу мүмкүн, бирок кызматтын өзүндө жерине жаныбарлар турган жайга баруу менен баалуулугун аныктоо каралган, ошондуктан кызматты толугу менен электрондук форматка өткөрүү мүмкүн эмес
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
– ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди керектөөчүнүн толук эмес берүүсү;
− жаныбардын тиги же бул породасынын стандарттарына дал келбестиги
17.
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү, белгиленген тартипте Департаменттин жетекчилигине кайрылууга укуктуу Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү КР АЧМне оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле, доонун маңызы, керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор негизинде бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу
18.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен дайыма кайра каралып турууга тийиш
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 06.08.2021 · № 116 · Күчүн жоготкон