Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 6-июну N 91 Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө (КР 2014-жылдын 12-июлундагы N 131, 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзам жаныбарларды, ошондой эле жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана финансылык негиздерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт жана идентификацияланган жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар жөнүндө так маалыматтарды алууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган. (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) идентификациялоо үчүн көмөкчү материалдар - аппликатор, чиптер үчүн инъекторлор, идентификациялоо каражаттарын эсептөөчү түзүлүштөр (сканерлер);
2) топтук идентификациялык номер - чарба жүргүзүүчү субъекттин бир түрдөгү идентификацияланган жаныбарларынын тобуна ыйгарылган, аларды өндүрүштүк пайдалануунун аралыгында топту таратканга жана жойгонго чейин алмашылбаган номер;
3) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматтарды эсепке алуунун маалыматтык-талдоо тутуму;
4) жаныбарлар - айыл чарбасындагы, үйдөгү, зоопарктагы, цирктеги, лабораториядагы жана жапайы жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу айбанаттар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкубациялык жумурткалар, уруктандырылган икра, өндүргүчтөрдүн уругу жана эмбриондор;
5) жаныбарларды идентификациялоо - жаныбарды окшоштуруу процесси, башкача айтканда жаныбардын жашын, жынысын, өңүн, тукумун жана башка зарыл параметрлерин аныктоо;
6) жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш маалыматтык каражаттарды пайдалануу менен ыйгарылуучу, анын өмүрүнүн аягына чейин алмаштырылбай турган жана жаныбардын бир түрүнүн чегинде кайталангыс болуп саналган номер;
7) жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо - анын олуттуу белгилери менен жаныбарлардан алынган азыктардын мүнөздөмөлөрүнүн окшоштугун белгилөө;
8) жаныбарлардан алынган азыктардын компоненттери - жаныбар, өсүмдүк, микробиологиялык же минералдык тектеги зат, ошондой эле тамак-аш азыгын өндүрүүдө пайдаланылуучу табигый же синтезделген тамак-аш кошулмалары;
9) жаныбарлардан алынган азыктарды маркировкалоо - жаныбарлардан алынган азыктар жөнүндө жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилер жана (же) алардын комбинациялары түрүндөгү керектөө таңгагына, транспорттук таңгакка же керектөө таңгагына жана (же) транспорттук таңгакка тиркелген же алардын ичине салынган же болбосо аларга тиркелген маалыматтын башка түрдөгү алып жүрүүчүсүнө түшүрүлгөн маалымат;
10) идентификациялоо объектилери - ушул Мыйзамда каралган жаныбарлар, ошондой эле жаныбарлардан алынган продукция, чийки зат;
11) жаныбарлардан алынган азыктар - идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн объектилери болгон жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай продукция жана чийки зат;
12) жаныбарга (үйүргө) байкоо жүргүзүү - жаныбардын (үйүрдүн) келип чыгуусун, жайгашкан жерин, жер которуштуруусун жана жеке маалыматтарын жаныбардын бүткүл жашоо циклинде, ошондой эле алардын союулушуна жана өлүшүнө байкоо жүргүзүү жана белгилөө мүмкүнчүлүгү;
13) жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү - жүгүртүүдөгү жаныбарлардан алынган азыктардын алгачкы өндүрүүчүсүн жана кийинки ээлерин (акыркы керектөөчүдөн сырткары), ошондой эле алардын өндүрүлгөн жерин документ түрүндө (кагаз түрүндө жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө) белгилөө мүмкүнчүлүгү;
14) каттоо - Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы тууралуу маалыматты киргизүү;
15) чарбанын каттоо номери - чарба жүргүзүүчү субъекттин чарбасына ыйгарылган жана анын өндүрүштүк ишинин аралыгында алмаштырылбай турган номер;
16) чарба жүргүзүүчү субъект - жаныбарлардын ээси болуп саналган, аларды өстүрүү, багуу, көбөйтүү, соодалоо, ташуу менен алектенген, жаныбарларды сойгон, союлган жаныбарлардын азыктарын кайра иштеткен жана сатып өткөргөн, жаныбарларды сойгондон кийин пайдаланууга жараксыз азыктарын жана өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн утилдештирген, жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштетүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган, жаныбарларды катыштыруу менен көргөзмөлөрдү өткөргөн менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке жак;
17) идентификациялоо каражаттары - жаныбарларды идентификациялоого мүмкүндүк берген жана идентификациялык номер жана анын сүрөттөлүшү жөнүндө маалыматты камтыган, ошону менен катар аны автоматтык иштеп чыгуу үчүн визуалдык (бирка, каргы), электрондук (чиптер) каражаттар;
18) товар коштоочу документтер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документтер;
19) чарба - өлкөнүн аймагындагы жаныбарлар өстүрүлгөн, багылган, көбөйтүлгөн же турган имараттар, курулмалар жана жайлар, соодалоо, союу, санитардык утилдештирүү жайлары, көргөзмө өткөрүүчү жайлар жана ветеринардык-санитардык контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн объектиси болуп саналган жаныбарлар чогуу кармалган башка жайлар.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү тутумун ишке киргизүү;
2) алардын азыктуулук көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, мал чарба продукциясынын рынокторун башкаруу жана болжолдоо үчүн жаныбарлар жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматты алуу;
3) жаныбарлардын саны жөнүндө ишенимдүү маалыматты пайдалануу менен эпизоотияга каршы, алдын алуу-дарылоо жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү;
4) биологиялык коопсуздукту, өндүрүлгөндөр, сатылып жаткан продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө, жаныбардан чыккан азыктардын жана чийки заттардын толук жана ишенимдүү маалыматтарын керектөөчүлөргө берүүнү камсыз кылуу.
2. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жаныбарлардын санынын ишенимдүү эсеби;
2) жаныбарларды экспорттоодо жана импорттоодо мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу ылаңдарды козгогучтардан коргоо;
3) жаныбарларды багууда, көбөйтүүдө, аларды соодалоодо, союуда жана союлгандардын пайдаланууга жараксыз болгон азыктарын жана өлгөн мал өлүктөрүн утилдештирүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарды сактоо.
3-берене. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдар
1. Кыргыз Республикасынын жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Мыйзамдын жана аларга ылайык кабыл алынчу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын жоболоруна негизденет.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.
4-берене. Жаныбарларды каттоого жана идентификациялоого карата негизги талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар багылган жана көбөйтүлө турган чарбалар каттоодон милдеттүү өткөрүлүүгө, ал эми табигый эркин абалында жүргөн (жапайы) жаныбарларды кошпогондо, жаныбарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө идентификациялоодон жана каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында идентификацияланбаган жаныбарларды сатып өткөрүүгө жана союуга тыюу салынат.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Жаныбарларды идентификациялоону уюштуруу жана жүргүзүү
5-берене. Жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо органдары
1. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу жана администрациялык-аймактык бирдиктин Идентификацияланган жаныбарларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, менчик ветеринардык дарыгерлердин/менчик ветеринардык адистердин ассоциацияларын тартуу менен өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана чарбалардын катталышы жөнүндө маалыматтарды жалпылайт.
2. Чарбалардын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин баалоо мамлекеттик ветеринария органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү
1. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, идентификацияланган жаныбарларды жана алардын кыймылын эсепке алуу, аларга белгиленген үлгүдөгү документтерди жол-жоболоштуруу жана берүү Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бодо мал, анын ичинде топоздор, жылкылар, эшектер, качырлар, төөлөр, ошондой эле башка жаныбарлар, анын ичинде иттер жана мышыктар жеке идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
3. Чочколор, койлор, эчкилер, коёндор, үй канаттуулары, аары багуучу, балык багуучу жана териси баалуу жапайы айбанаттар чарбалары жаныбарлардын ар бир түрүнө топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат.
Асыл-тукум чочколор, койлор жана эчкилер жеке идентификациялык номер ыйгаруу менен идентификацияланат. Чочколорду, койлорду жана эчкилерди экспорттоо учурларында импортоочу-өлкөнүн талабы боюнча жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
4. Идентификациялоо жана каттоо расмий тутуму жок өлкөдөн импорттолгон жаныбарлар, ошондой эле үй шартында, зоологиялык бактарда, цирктерде, эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдалануу үчүн ташып киргизилген идентификацияланбаган жаныбарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, дайындалган чарбага келип түшкөн убакыттан баштап 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификациялануусу жана каттоодон өтүүсү керек.
5. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаныбарлардан алынган азыкты идентификациялоого керектүү болгон маалыматтарды камтыган аларды маркировкалоонун жана (же) товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат. Жаныбарлардан алынган азыктарды маркировкалоону жана товар коштоочу документтерин жол-жоболоштуруу жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүдө жана сатууда (жүгүртүүгө чыгарууда), анын ичинде аларды кайра иштетүүдө жана утилдештирүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардын ээлери, жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүүчүлөрү кагаз түрүндөгү же (жана) электрондук алып жүрүүчүлөр менен берилген, өндүрүлгөн же сатып өткөрүлгөн продукция, азык-түлүк чийки заттары, алардын компоненттери, колдонулган тоюттар, тоют кошулмалары жана ветеринардык дары-дармек каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат.
Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документтер азыктар сатып өткөрүлгөндөн кийин бир жылдан кем эмес мөөнөттө жаныбарлардан алынган азыктардын ээлери жана өндүрүүчүлөрү тарабынан сакталууга тийиш. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоонун тартиби
1. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
1) чарбаларды каттоо;
2) жаныбарларды идентификациялоо;
3) чарбалардагы идентификацияланган жаныбарлардын эсебин алуу;
4) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде идентификацияланган жаныбарлар жана алардын кыймылы, союлушу (утилдениши), өлүмү (кыргыны) жөнүндө маалыматтарды каттоо;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча жаныбарларга документтерди тариздөө жана берүү.
2. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин формасы, мазмуну жана жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
3. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы укуктук мамилелер
8-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттин милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери
1. Чарба жүргүзүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо үчүн ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укук өткөрүлүп берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жөнүндө, жаныбарлардын кыймылы тууралуу ишенимдүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте идентификацияланган жаныбарлардын эсебин жүргүзүүгө.
2. Чарба жүргүзүүчү субъект ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан же жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укук ага өткөрүлүп берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча идентификацияланган жаныбарга документтерди алууга укуктуу.
3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган чарбада чарбалык иш менен алектенүүгө;
2) чарбада идентификацияланбаган жаныбарларды багууга жана көбөйтүүгө.
4. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлү чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
1. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде чарбаларды каттоо, жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө;
2) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жана жаныбарларды идентификациялоо үчүн зарыл башка көмөкчү материалдарды бирдиктүү сатып алууну камсыз кылууга;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбаларынын эсебин жүргүзүүгө;
4) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана катталган чарбалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга квартал сайын отчет берүүгө;
5) чарба жүргүзүүчү субъектке Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган идентификацияланган жаныбарга жана чарбага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча документтерди берүүгө.
1-1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана келишимдик негизде жеке ветеринардык практика менен алектенген жактарга өткөрүп берет.
2. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо жана чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75, 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде чарбаларды каттоо, жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө;
2) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин жүргүзүүгө;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбаларынын эсебин жүргүзүүгө;
4) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана катталган чарбалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга квартал сайын отчет берүүгө;
5) чарба жүргүзүүчү субъектке Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган идентификацияланган жаныбарга жана чарбага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча документтерди берүүгө.
3. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо жана чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары аларга жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Чарбаларды идентификациялоо жана каттоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөлгө алуу Жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоону жана каттоону мамлекеттик көзөмөлгө алуу ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
4-глава. Идентификациялоо жана каттоо боюнча иш-чараларды каржылык камсыз кылуу
12-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттин каражаттарынын эсебинен аткарылуучу иш-чаралар Жаныбарларды идентификациялоо, идентификацияланган жаныбарлардын эсебин алуу, чарбанын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин аныктоо боюнча иштер жана бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган форма боюнча документтерди жол-жоболоштуруу чарба жүргүзүүчү субъектинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
13-берене. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу иш-чаралар Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине идентификацияланган жаныбарларды жана чарба жүргүзүүчү субъекттин чарбаларын каттоону уюштуруу жана жүргүзүү жана аларды эсепке алуу, идентификацияланган жаныбарларды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди кайра саноону уюштуруу жана жүргүзүү, мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту иштеп чыгуу жана түзүү боюнча иш-чаралар ушул жылга каралып бөлүнгөн акчанын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат.
5-глава. Корутунду жоболор
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам бодо малды өндүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - 2014-жылдын 1-ноябрынан, жылкылар менен - 2015-жылдын 1-ноябрынан, майда мал менен - 2016-жылдын 1-ноябрынан, канаттуулар, аарылар менен - 2017-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
(КР 2014-жылдын 12-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка чараларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 34 · байланышкандар: 39
Цитата келтиргендер (34)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 998-VI "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын кайрылуусу, республикадагы эпизоотикалык абал, ЕАЭБге кошулууга байланышкан…Постановление · 20.10.2016 · № 998-VI
- Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» аттуу Мыйзамын аткаруу…Постановление · 24.02.2017 · № 13
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 25-апрелиндеги №3032-V "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 25.04.2013 · № 3032-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-декабрындагы № 551-б (Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.12.2017 · № 551-р
- Курама айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-августундагы № 29 "Курама айыл аймагынын үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.08.2022 · № 29
- Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 2 "Нарын шаарында ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоодо малды каттаган каттоочунун эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө"…Постановление · 06.04.2017 · № 2
- Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2017 · № 3/10
- Саз айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 15 "Малдарды идентификациялоодо жөнүндө"токтомуПостановление · 15.02.2017 · № 15
- Садовое айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 26 “Садовое айылдык аймагы боюнча жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” токтомуПостановление · 24.04.2017 · № 26
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 264-VI "2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.02.2016 · № 264-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы №2586-V "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 13.12.2012 · № 2586-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2950-V "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 04.04.2013 · № 2950-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Беловодск айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы № 19 "Айыл чарба жаныбарларды (ЧММ-уйларды) идентификациялоо боюнча баа баракчасын жөнүндө" токтомуПостановление · 24.03.2017 · № 19
- Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-февралындагы № 05 “Жаныбарларды идентификациялоо мыйзамынын акткарылышы жөнүндө”Постановление · № 05
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 15/II-27 “Нурманбет айыл аймагында жаныбарларды идентификациялоонун баасын бекитүү жөнүндө”Постановление · 27.02.2017 · № 15/II-27
- Сокулук району кызыл-туу айылдык кенешинин 2019-жылдын 03-майындагы №14 "“Айыл чарба малдарын идентификациялоо тууралуу”" токтомуПостановление · 03.05.2019 · № 14
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 20.06.2019 · № 75
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 12.07.2014 · № 131
34 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 20.06.2019 · № 75
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (39)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3026-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 3026-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3035-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2019 · № 3035-VI
- Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 13/1 "Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/6 11.01.2022-ж. кайрылуу каты жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2022 · № 13/1
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы № 4478-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2021 · № 4478
- Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 74/13-4 "Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2017 · № 74/13-4
- Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/4 "Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11…Постановление · 13.03.2017 · № 4/4
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 4 мартындагы № 4445-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.03.2021 · № 4445-VI
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-январы № 28-т тескемесиПостановление · 27.01.2022 · № 28-р
- Т. Кулатов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-февралындагы № 4-7 "Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-январындагы аппараттык жыйынынын № 1 протоколуна…Постановление · 21.02.2017 · № 4-7
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 15/4-7 "Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2017 · № 15/4-7
- Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2017-жылдын 01-декабрындагы №29/7-3 "Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 01.12.2017 · № 29/7-3
- Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-октябрындагы № 39 "Жаныбарларды идентификациялоо жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 27.10.2017 · № 39
- Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы № 6 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2018 · № 6
- Кара-Ой айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10- ноябрындагы № 02 "Идентификациаланган бодо малдардан алынуучу тарифин бекитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 10.11.2017 · № 02
- Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 242 "Малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, муниципалдык менчик раскол куруу үчүн ,10 сотых жерди убактылуу…Постановление · 10.06.2019 · № 242
- А. Анаров айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 9 "Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын…Постановление · 11.02.2017 · № 9
- Ак-Кыя айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 4/5 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча бирка жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 4/5
- Пригород айылдык кеңешинин 2017-жылдын 1-мартындагы № 8 "Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо үчүн ветеринардык дарыгердин ишин, биркалардын жана идентификациалоо…Постановление · 01.03.2017 · № 8
39 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.