Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобону жана Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 607
Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобону жана Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 токтомуна)Положение · 15.11.2023 · № 607
- Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 токтомуна)Положение · 15.11.2023 · № 607
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон