Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 токтомуна)
Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик китеби (мындан ары - Мамлекеттик китеп) жөнүндө жобо "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу жана асыл тукум жаныбарлардын чарбалык пайдалуу, азыктуу, спорттук көрсөткүчтөрүн андан ары жакшыртууга багытталган селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү максатында иштелип чыкты.
2. Мамлекеттик китеп жогорку азыктуу жана баалуу жаныбарлардын жана алардын белгилүү бир мезгилде укум-тукумунан алынган негизги мүнөздөмөлөрүнүн (асыл тукум субъектинин аталышы, теги, экстерьердик көрсөткүчтөрү (өлчөөлөрү), бонитировкалоонун натыйжалары, ата-тегинин 3 мууну боюнча теги ж.б.) тизмеги.
3. Мамлекеттик китепти жүргүзүүнүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) баалуу, ата-тегинин 3 мууну боюнча теги бар асыл тукум жаныбарларын жана ар кандай породадагы канаттууларды мамлекеттик каттоо;
2) илимий-изилдөө мекемелеринин жана асыл тукум субъекттеринин жаныбарлардын породаларын көбөйтүү, өркүндөтүү жана азыктуу жана спорттук көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча жетишкендиктерин жалпылоо;
3) жаныбарлардын генеалогиялык түзүмүнө талдоо жүргүзүү менен заводдук линиялардын, бүлөлөрдүн, жалпы эле порода ичиндеги типтердин жана породалардын чарбалык пайдалуу, азыктуу, спорттук көрсөткүчтөрүн андан ары жакшыртууга асыл тукум иштерин багыттоо.
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) бонитировка - андан ары да пайдалануу максатында асыл тукум жаныбардын асылдуулук жана азыктуулук сапатын, ошондой эле башка асыл тукум продукциянын сапаттарын баалоо;
2) асыл тукум жаныбарды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо - асыл тукум жаныбарды жана жаныбар үйүрлөрүн идентификациялоо, тегин аныктоо жана азыктуулугун аныктоо максатында асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум жаныбар үйүрлөрү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда эсепке алуу;
3) жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарга визуалдык, электрондук жана аралаш маалыматтык каражаттарды пайдалануу менен ыйгарылуучу, анын өмүрүнүн аягына чейин алмаштырылбай турган номер жана жаныбардын бир түрүнүн чегинде уникалдуу болуп саналат;
4) асыл тукум жаныбар - теги документтүү ырасталган, белгилүү бир породаны чыгарууга пайдаланылуучу жана мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда катталган айыл чарба жаныбарлары;
5) асыл тукум үйүрү - тигил же бул породанын стандарттуу талаптарына жооп берүүчү, атайын селекциялык-асылдандыруу иштери жүргүзүлө турган айыл чарба жаныбарларынын ар кандай жыныстагы жана жаштагы белгилүү бир сандагы асыл тукум тобу;
6) асыл тукум күбөлүгү - асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, асыл тукум жаныбардын тегин, азыктуулугун жана башка сапаттарын, ошондой эле ата-энесинин генетикалык тектерин жана уруктун же түйүлдүктүн сапатын ырастаган документ;
7) асыл-тукумдук баалуулук - асыл тукум жаныбардын генетикалык потенциалынын деңгээли жана ал генетикалык потенциалдын тукумдун чарбалык пайдалуу белгилерине тийгизген таасири;
8) асылдандыруу иши - колдо болгон айыл чарба жаныбарларын сактоого жана сапатын жакшыртууга жана жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын чыгарууга багытталган зоотехникалык, биологиялык-генетикалык жана уюштуруучу-чарбалык иш-чаралардын системасы;
9) селекциялык-асылдандыруу иши - мал чарбасындагы асылдандыруу ишинде жаныбардын азыктуулук жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
10) асылдандыруу ишинин субъекттери - асыл тукум жаныбарды көбөйтүп, асыл тукум продукцияны (материалдарды) селекциялык максатта пайдаланып жана өндүрүп жаткан, ошондой эле асылдандыруу иштерине тейлөө кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар;
11) асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган аткаруу бийлигинин асылдандыруу ишин башкаруу жаатындагы мамлекеттик орган.
2-глава. Мамлекеттик китепти жүргүзүү тартиби
5. Мамлекеттик китепти жүргүзүү асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан асыл тукум жаныбарлар чарбачылыгы жаатындагы илимий-изилдөө мекемелери менен биргеликте ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик китепке жазуу киргизүү үчүн асыл тукум жаныбарлар жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органга райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан кагаз жана электрондук түрдө ушул жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө киргизилет.
7. Мамлекеттик китепке теги бар баалуу, жогорку азыктуу жаныбарлардын бир породасы жөнүндө маалымат киргизилет. Асыл тукум жаныбарлардын саны жетишсиз болгон учурда бир басылышка бир нече порода киргизилиши мүмкүн, бул зоотехникалык эрежелер боюнча жол берилет, буга англиялык таза кандуу породадагы жылкылар кирбейт.
8. Мамлекеттик китепке милдеттүү түрдө жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик асыл тукум каттоосунда каттоосу бар жаныбарлардын породаларынын тандалып алынган бир топ көрүнүктүү жандыктары жөнүндө маалыматтар киргизилет.
9. Талаш-тартыш учурларда асыл тукум китепке киргизилген асыл тукум жаныбардын тегинин аныктыгы жөнүндө маалыматтар жаныбардын материалынын тиешелүү үлгүлөрүн генетикалык экспертизалоо ыкмасы менен ырасталышы мүмкүн.
10. Мамлекеттик китепте төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) асыл тукум жаныбардын породасы, кличкасы, жеке жана идентификациялык номери, өңү, маркасы, туулган жылы жана жери, жынысы, жашы, бонитировкалоонун маалыматтарынын жыйынтыгы боюнча комплекстүү классы;
2) асыл тукумдук, азыктуулук, спорттук жана экстерьердик көрсөткүчтөр (өлчөөлөр) жөнүндө маалыматтар.
Ата мекендик селекциялык процесске катышкан импорттук асыл тукум жаныбарларды асыл тукум китепке жазууда экспорттоочу өлкөнүн расмий уюму тарабынан берилген асыл тукум сертификаты же асыл тукум экендигин ырастаган башка документ болууга тийиш. Элита классына жана I класска киргизилген асыл тукум жаныбарлардын азыктуулугун алгачкы зоотехникалык эсепке алуунун натыйжалары боюнча жазуулар жүргүзүлөт.
11. Мурунку же ушул басылышта ата-энеси же теги жазылган жаныбарлар үчүн кличкалары менен катар басылманын номерин көрсөтүү менен асыл тукум китеп боюнча маркасы жана номери коюлат, бул жаныбардын толук теги менен таанышууга мүмкүндүк берет.
12. Асыл тукум жаныбардын теги жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй жазылат: сол жагында - энеси тарабынын, оң жагында атасы тарабынын ата-энеси жана теги көрсөтүлөт.
13. Теги түзүлүп жаткан асыл тукум жаныбар пробанд деп аталат.
Пробанд
Энеси
Атасы
энесинин энеси (ЭЭ)
энесинин атасы (ЭА)
атасынын энеси (АЭ)
атасынын атасы (АА)
ЭЭЭ
ЭЭА
АЭЭ
ЭАА
АЭЭ
АЭА
ААЭ
ААА
14. Даярдалган материалдар мал чарбасынын адистери, селекционерлер, окумуштуулар менен биргеликте талкууланат жана жактырылгандан кийин басууга даярдалат.
15. Мамлекеттик китепти басып чыгаруу маалымат барактары, бюллетендер түрүндө же электрондук форматта тиешелүү министрликтин жана ведомствонун бюджетинде каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ассигнованиелердин чегинде, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жайгаштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
16. Мамлекеттик китеп 5 жылда бир жолудан кем эмес чыгарылат.
17. Асыл тукум жаныбарды каттоо жөнүндө маалыматтар кагаз жана электрондук түрдө ыйгарым укуктуу органда бир жылдын ичинде сакталат жана андан кийин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин архивине өткөрүп берилет.
18. Асыл тукум жаныбардын карточкасынан асыл тукум чарба субъекти берген туура эмес маалымат табылган учурда ыйгарым укуктуу орган бул чарбаны асыл тукум китепке киргизүүдөн баш тартат.
3-глава. Жаныбарлардын түрлөрү боюнча Мамлекеттик китепке киргизүү үчүн талаптар
19. Сүт жана эт багытындагы азыктуулуктагы ири мүйүздүү мал боюнча:
1) Мамлекеттик китеп породага ыйгарылган маркасын көрсөтүү менен сүт жана эт багытындагы азыктуулуктагы ири мүйүздүү малдын төмөнкүдөй породалары боюнча жүргүзүлөт (жаныбарлардын породасынын кыскартылган шарттуу белгилери):
Породанын аталышы
Породага ыйгарылган марка
Алатоо
Ал
Абердин-ангусс
A
Кара ала
Ка
Швиц
Ш
Симментал
См
Малдын башка алып келинген породалары
-
2) аргындаштырылган жаныбарлар катталган учурда породага ыйгарылган маркага М префикс кошулат (мисалы: АлМ же ШМ);
3) Мамлекеттик китепке ири мүйүздүү малдын сүт жана эт породалары жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- сапаты текшерилген (активдүүлүгү, кыймылдуулугу, коюулугу, эякуляттын көлөмү жана тукумунун сапаты боюнча бааланган) жаныбарларды жасалма уруктандырууну жүргүзгөн субъекттерге таандык 18 айдан кем эмес жаштагы букалар;
- белгилердин комплекси боюнча 1-класс үчүн белгиленген талаптардан төмөн болбогон, биринчи лактация бүткөндөн кийин сүт касиеттери (желини боюнча) жана эт формасы жакшы көрүнгөн уйлар;
- акыркы лактация боюнча уйлардын сүт өндүрүмдүүлүгү, 305 күндүн ичинде сүт саалышы же кыскартылган лактация (кг), сүттөгү майдын пайызы жана өндүрүштүк пайдалануу мезгилинде эң жогорку суткалык саалган сүт порода стандартынан 150%дан жогору;
- ар бир уйдун сүтүндөгү майдын жана белоктун пайызын көрсөтүү менен контролдук саандардын натыйжалары;
- жашын көрсөтүү менен тирүү салмагынын акыркы жогорку көрсөткүчү боюнча эт породалары үчүн тирүү салмагы;
- уйлардын сүт да, эт да породаларын куудурууну жана жасалма уруктандырууну, коё берүүнү жана туушун эсепке алуу;
- жаш малды багууну эсепке алуу журналынын маалыматтары боюнча музоонун жеке номери, туулгандан кийин суткалык мөөнөттөн кечикпестен, аны таразалоонун натыйжалары;
- малдын дене түзүлүшү (борпоң, катуу, назик, тыгыз), экстерьерди баалоонун жыйынтыгы боюнча асыл тукум жаныбардын жалпы баллы чыгарылат (70 жана андан жогору 100 баллга чейин);
- жаныбарлардын Мамлекеттик китебине ири мүйүздүү малдын бирден породасы жазылат, бирок букаларды жана уйларды бир басылышка жазуу үчүн тандалып алынган саны аз болсо, малдын бир нече породалары киргизилиши мүмкүн, буга зоотехникалык ченемдер боюнча жол берилет.
20. Ар кандай породадагы жылкылар боюнча:
1) Мамлекеттик китепке ар кандай породадагы асыл тукум жылкылардын жазуулары киргизилет, аларга ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берген айгырлар жана бээлер кирет;
2) өлкөгө чет өлкөдөн асыл тукум жылкылардын алып келинишине жараша, англиялык таза кандуу минген жылкылардан тышкары, алар ата мекендик жылкылардын породалары менен селекциялык процесске катышкан шартта жана ата-тегинин 3 мууну боюнча теги көрсөтүү менен импорттоочу өлкөдөн асыл тукум күбөлүгү бар болгондо асыл тукум китебине киргизилет;
3) Мамлекеттик китеп республикага ташылып келүүчү жылкылардын төмөнкүдөй породалары боюнча породага ыйгарылган маркасын көрсөтүү менен жүргүзүлөт (жылкылардын породаларынын шарттуу белгилери):
Жылкылардын породасы
Породага ыйгарылган марка
Жаңы кыргыз
Жк
Орустун таскактуу
От
Жылкылардын башка алып келинген породалары
...
4) аргындаштырылган жаныбарлар катталган учурда породага ыйгарылган маркага М префикси кошулат (мисалы: ЖкМ);
5) Мамлекеттик китепке киргизүү үчүн жылкыларды тандоодо асыл тукум жаныбарлардын мелдештерде, көргөзмөлөрдө, сынактарда алган сыйлыктары эске алынат (породанын чемпиону, I даражадагы аттестат (диплом), жылдын мыкты айгыры ж.б.).
21. Койлор боюнча:
1) Мамлекеттик китеп элита классындагы жана I класстагы койлордун төмөнкүдөй породалары боюнча жүргүзүлөт:
Койдун породасы
Породага ыйгарылган марка
Алай
Ал
Кыргыз тоо мериносу
КТМ
Тянь-Шань жарым уяң жүндүү
Тш
Айкөл бат жетилүүчү
Ак
Арашан эт-май
Аэм
Койлордун башка алып келинген породалары
...
2) аргындаштырылган жаныбарлар катталган учурда породага ыйгарылган маркага М префикси кошулат (мисалы: АлМ);
3) алып келинген койлор ата мекендик породалар менен селекциялык процесске катышканда алар Мамлекеттик китепке киргизилиши мүмкүн;
4) Мамлекеттик китепке 2 жаштан жаш эмес койлордун төмөнкүдөй азыктуулук көрсөткүчтөрү боюнча киргизилет:
- кочкорлордон 12,0 кг жогору жана ургаачыларынан 5,0 кг уяң жүн кыркып алуу, булалардын ичкелиги 64 сапатта жана андан жогору;
- кочкорлордон 8,0 кг жана ургаачыларынан 4,0 кг жана андан жогору жарым уяң жүн кыркып алуу, булалардын ичкелиги 56 сапатта жана андан жогору, союлган эттин чыгышы 52%дан көп;
- кочкорлордон 7,5 кг көп, ургаачыларынан 4,5 кг жарым кылчык жүн кыркып алуу, чоң кочкорлордун жүнүнүн узундугу 28,0 см көп, союлган эт продукциясынын чыгышы 54%дан көп;
- эт-май породаларда эт продукциясынын чыгышы 50,0%дан көп.
22. Эчкилер боюнча:
1) Мамлекеттик китеп элита классындагы жана I класстагы эчкилердин төмөнкүдөй породалары боюнча жүргүзүлөт.
Эчкинин породасы
Породага ыйгарылган марка
Кыргыз жүндүү породадагы эчкилер
КЖ
Кыргыз тыбыттуу породадагы эчкилер
КТ
Эчкилер, кыргыз сүт тиби
КС
Койлордун жана эчкилердин башка алып келинген породалары
...
2) аргындаштырылган жаныбарлар катталган учурда породага ыйгарылган маркага М префикси кошулат (мисалы: КЖМ);
3) Мамлекеттик китепке 2 жаштан жаш эмес эчкилердин төмөнкүдөй азыктуулук көрсөткүчтөрү боюнча киргизилет:
4) текелерден - 3,5 кг, эчкилерден 2,5 кг жүн кыркып алуу, жүндүн узундугу 20 см көп, жүн буласынын ичкелиги 50дөн жогору сапатта;
5) текелерден - 0,7 кг көп, эчкилерден 0,5 кг тыбыт таралат, тыбыттын узундугу - 8,0 см, ичкелиги 21,0 мкм (микрометр) көп эмес;
6) сүт тибиндеги эчкиден орточо суткалык саалган сүт 3,0 кг, 4,0% жана андан жогору майлуулукта.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 "Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобону жана Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн…Постановление · 15.11.2023 · № 607
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон