Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 токтомуна)
Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) бонитировка - андан ары пайдалануу максатында асыл тукум жаныбарлардын асылдык жана азыктык сапатын, ошондой эле башка асыл тукум продукциянын сапатын баалоо;
2) асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум үйүрлөрдү мамлекеттик каттоо - асыл тукум жаныбарларды жана алардын үйүрлөрүн идентификациялоо, тегин аныктоо жана азыктыгын аныктоо максатында асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум үйүрлөрү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда эсепке алуу;
3) жеке идентификациялык номер - идентификацияланган жаныбарларга визуалдык, электрондук жана аралаш маалыматтык каражаттарды пайдалануу менен ыйгарылуучу, анын өмүрүнүн аягына чейин алмаштырылбай турган жана жаныбардын бир түрүнүн чегинде кайталангыс болуп саналган номер;
4) асыл тукум жаныбар - теги документтүү ырасталган, белгилүү бир породаны чыгарууга пайдаланылуучу жана мамлекеттик китепте жана мамлекеттик асыл тукум каттоосунда катталган айыл чарба жаныбарлары;
5) асыл тукум үйүрү - тигил же бул породанын стандарттуу талаптарына жооп берүүчү, атайын селекциялык-асылдандыруу иштери жүргүзүлө турган айыл чарба жаныбарларынын ар кандай жыныстагы жана жаштагы белгилүү бир сандагы асыл тукум тобу;
6) асыл тукум күбөлүгү - асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, асыл тукум жаныбарлардын тегин, азыктыгын жана башка сапаттарын, ошондой эле ата-энесинин генетикалык тектерин жана уруктун же түйүлдүктүн сапатын ырастаган документ;
7) асыл-тукумдук баалуулук - асыл тукум жаныбарлардын генетикалык потенциалынын деңгээли жана ал генетикалык потенциалдын тукумдун чарбалык пайдалуу белгилерине тийгизген таасири;
8) асылдандыруу иши - колдо болгон айыл чарба жаныбарларын сактоого жана сапатын жакшыртууга жана жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын чыгарууга багытталган зоотехникалык, биологиялык-генетикапык жана уюштуруучу-чарбалык иш-чаралардын системасы;
9) селекциялык-асылдандыруу иши - мал чарбасындагы асылдандыруу ишинде жаныбарлардын азыктык жана асыл тукумдук сапаттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
10) асылдандыруу иштеринин субъекттери - асыл тукум жаныбарларды көбөйтүп, асыл тукум продукцияны (материалдарды) селекциялык максатта пайдаланып жана өндүрүп жаткан, ошондой эле асылдандыруу иштерине кызматтарды көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар;
11) асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган аткаруу бийлигинин асылдандыруу ишин башкаруу жаатындагы мамлекеттик органы.
2. Асыл тукум субъекттеринде асыл тукум жаныбарларды, асыл тукум үйүрлөрдү жана ар кандай түрдөгү жана породадагы канаттууларды эсепке алууну ишке ашыруу максатында асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында маалымат базасын түзүү үчүн "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик асыл тукум каттоосун (мындан ары - асыл тукум каттоо) жүргүзүүнүн тартиби белгиленет.
3. Мамлекеттик каттоо жүргүзүүнүн максаттары:
1) асыл тукум субъекттеринде асыл тукум жаныбарлардын сандык, сапаттык жана породалык курамы жөнүндө маалыматтардын жыйындысын түзүү;
2) асыл тукум субъекттериндеги асыл тукум жаныбарларды, үйүрлөрдү жана канаттууларды эсепке алуу (мамлекеттик асыл тукум заводдору, фермердик асыл тукум заводдору, фермердик асыл тукум фермалары);
3) асыл тукум жаныбарларды өстүрүү менен алектенген субъекттерге мамлекеттик колдоо чараларын аныктоо;
4) жаныбарлардын породалары менен асыл тукум иштерин жүргүзүүнү пландаштыруу үчүн маалымат базасын түзүү;
5) асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча чарбалардын негизги иш жүргүзүүсүн баалоо;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусуна (мындан ары - асыл тукум статусу) ээ субъекттерге коюлуучу талаптардын чарбаларда сакталышын көзөмөлдөө;
7) асыл тукум продукциясын (жаныбарларды, материалдарды) сертификациялоо жана анын маркетинги;
8) товардык чарбаларга сатууда же башка өлкөлөргө алып чыгууда асыл тукум жаныбарларды, үйүрлөрдү жана канаттууларды баалоо.
4. Ыйгарылган асыл тукум статусуна ылайык асылдандыруу иши жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге таандык асыл тукум жаныбарлар, үйүрлөр жана канаттуулар мамлекеттик каттоонун объекттери болуп саналат.
2-глава. Мамлекеттик асыл тукум каттоону жүргүзүүнү уюштуруу
5. Асыл тукум каттоосун асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүргүзөт.
6. Асыл-тукум каттоосунда асыл-тукум субъектисинин жана каттоо объектисинин негизги идентификациялык маалыматтары (даректик, сандык жана сапаттык, азыктуулук, спорттук көрсөткүчтөр, жеке идентификациялык номер-эндер, тамга басуулар, биркалар, микрочиптер) камтылат.
7. Асыл тукум каттоонун маалыматтар базасын түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген зоотехникалык эсеп формаларына ылайык, асыл тукум жаныбардын карточкасында камтылган маалыматтардын жана ушул Жобонун тиркемесине ылайык асыл тукум чарбалар тарабынан асыл тукум жаныбарлардын анкетасында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде электрондук форматта жүзөгө ашырылат.
8. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын асыл тукум каттоонун маалыматтар базасын түзүү жана толуктоо үчүн ар бир асыл тукум субъекти боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды тактайт: бонитировканын, ат спорттук мелдештерге, оюндарга, көргөзмөлөргө жана сынактарга катышуу боюнча жыйынтыктарды, бул маалыматтар асыл тукум жаныбарлардын карточкасына киргизилиши керек.
9. Асыл тукум жаныбар, асыл тукум үйүр жана канаттуулар жөнүндө жазууларды асыл тукум каттоосуна алгачкы жолу киргизүүдө субъекттерге уникалдуу жеке жана идентификациялык каттоо номери (коду) ыйгарылат, ал асыл тукум каттоонун маалыматтык базасын түзүүдө милдеттүү болуп саналат.
10. Асыл тукум каттоосуна асыл тукум жаныбарлардын алган сыйлыктары жөнүндө (породанын чемпиону, I даражадагы аттестат (диплом), жылдын мыкты өндүргүчү ж.б.), ошондой эле айгырлар, ээсинин "сатам", "ижарага берем", "куудурууга өтүнмө кабыл алам" тууралуу ниети ж.б.у.с. жазуулар киргизилет.
11. Асыл тукум субъекти катталган күндөн тартып бир айдын ичинде асыл тукум жаныбарлардын, үйүрлөрдүн жана канаттуулардын асыл тукум каттоосуна катталгандыгы жөнүндө документ берилет.
12. Каттоо жөнүндө документ маалыматтарды берүүнү эсепке алуу китебине алуучунун колу коюлгандан кийин берилет.
13. Асыл тукум жаныбарларды, асыл тукум үйүрлөрдү жана канаттууларды асыл тукум каттоосуна киргизүү жөнүндө документке кол коюу укугун ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, ал жок болгон учурда жетекчинин орун басары жүзөгө ашырат.
3-глава. Корутунду жоболор
14. Асыл тукум каттоого киргизилген асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум үйүрлөр жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын картотекасында үч жыл бою сакталат, андан ары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин архивине өткөрүлүп берилет.
15. Асыл тукум каттоону түзүү жана жүргүзүү боюнча иштер тийиштүү мамлекеттик органга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат.
16. Чарба жүргүзүүчү асыл тукум субъекти тарабынан тапшырылган асыл тукум жаныбарлардын карточкасынан асыл тукум жаныбар жана үйүр жөнүндө так эмес маалыматтар табылган учурда ыйгарым укуктуу орган мындай чарбаны асыл тукум каттоого киргизүүдөн баш тартат.
Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобого тиркеме
Асыл тукум субъектинин, жаныбардын жана үйүрдүн АНКЕТАСЫ
Үйүрдүн ээси жөнүндө маалымат
Уюмдун аталышы
Юридикалык дареги
(почта индекси жана дареги)
Телефон, факс
ОКПО идентификациялык коду
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери
МФО алыш-бериш эсеби
Асыл тукум чарбанын статусу жөнүндө күбөлүк
берилди 20___-ж. ____________ мөөнөтү 20___-ж. ____________ чейин
Күбөлүктү берген орган
Күбөлүктүн негизинде аткарган жумуш
Жаныбарлардын түрү
Асыл тукум чарбачылыгы боюнча ассоциацияларда, бирикмелерде, коомдордо катышуу
(аталышы, негиздөөчүсү, мүчөсү)
Менчиктин түрү
Мамлекеттик менчик үлүшү жөнүндө маалымат
%
Асыл тукум субъектинин үлүшү
%
Мекеменин жетекчиси
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
Селекционер
(ээлеген кызматы, аты-жөнү, телефону)
Өндүрүш көрсөткүчтөрү
Өлчөө бирдиги
Мааниси
Жер иштетүү
Жалпы аянты
га
Анын ичинен айдоо жерлери
га
Тоют менен камсыздалышы, норматив боюнча
%
Ветеринардык коопсуздук:
АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ
1. Бодо мал
1.1. Сүт багытындагы порода _________________________________________
Малдын саны
жыл башына:
- өндүргүч бука,
- уй;
баш
жыл аягына:
- өндүргүч бука,
- уй
баш
100 баш уйдан алынган төл
баш
Бир уйдан орто эсеп менен саалган сүт
кг
Асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине жазылган уйлар/букалар
баш
18 айлык кунаажындардын орточо тирүү салмагы
кг
Жасалма жол менен уруктандыруу:
- уй,
баш
- кунаажын
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- бука;
- анын ичинде жасалма жол менен уруктандыруу уюмдарында;
- ургаачы мал
баш
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- бука;
баш
- ургаачы мал;
- урук;
доза
- анын ичинде сапатын жогорулаткыч букалардан
Жекече эсепке алынган азыктуулугу боюнча маалымат
Малдын жеке идентификациялык номери
№
Малдын кличкасы
-
305 күндө саап алынган сүттүн көлөмү Майлуулугу Белок
кг % %
Эң жогорку күнүмдүк саап алынган сүттүн орточо көлөмү
кг
1.2. Эт багытындагы порода _________________________________
Малдын саны
жыл башына:
- өндүргүч бука;
баш
- уй;
жыл аягына:
- өндүргүч бука;
баш
- уй
100 баш уйдан алынган төл
баш
Малдын жеке идентификациялык номери
№
Малдын кличкасы
-
Тирүү салмагы:
- өндүргүч бука;
кг
- уй;
- 8 айлык эркек торпоктор;
- 12 айлык кунаажындар
Бааланган өндүргүч букалар:
- өз азыктуулугу боюнча;
- төлүнүн сапаты боюнча
баш
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- бука;
- анын ичинде жасалма жол менен уруктандыруу уюмдарында;
- ургаачы мал
баш
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- бука;
- ургаачы мал;
- урук;
- түйүлдүк
баш баш доза даана
1.3. Жасалма жол менен уруктандыруу уюмунда бодо малдын породалары
Өндүргүч букалардын саны жыл башына, жалпысы:
- породалар боюнча:
__________________________________ __________________________________
жыл аягына, жалпысы:
баш
- породалар боюнча:
__________________________________ __________________________________
Колдонуу үчүн алынган урук:
- тоңдурулган түрүндө;
- тоңдурулбаган түрүндө
миң доза
Жыл аягына тоңдурулган уруктун саны:
- жалпысы;
- породалар боюнча, бардыгы/жакшырткычтар
миң доза
____________________________________ ____________________________________
Асыл тукум продукциясын сатуу: урук
миң доза
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- бука;
баш
- урук
доза
Алынган тукумунун сапаты боюнча букаларды текшерүү:
- текшерүүгө коюлганы;
- текшерүү жыйынтыкталганы;
- жакшырткычтар деп аныкталганы
баш
1.4. Эмбриондорду трансплантациялоо уюмундагы бодо малдын породалары:
Уюмдагы донор-уйлардын жылдык орточо саны:
породалар боюнча
__________________________________ __________________________________
баш
Асыл тукум иши боюнча башка уюмдардагы донор-уйлардын жылдык орточо саны (келишимдер боюнча)
__________________________________ __________________________________
баш
Колдонууга алынган түйүлдүктөр:
- тоңдурулган түрүндө;
- тоңдурулбаган түрүндө
даана
Тоңдурулган түйүлдүктөрдүн болушу:
жыл аягына;
даана
- породалар боюнча
___________________________________ ___________________________________
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- түйүлдүктөр;
- трансплантацияланган/жалгаштырылган түйүлдүктөр
даана
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- ургаачы мал;
- урук;
- түйүлдүк
баш доза даана
2. Чочконун породасы _________________________________
Саны жыл башына:
- өндүргүч каман;
- негизги тубар мегилжин;
- текшерилүүчү
жыл аягына:
- өндүргүч камандар;
- негизги тубар мегилжин;
- текшерилүүчү
баш
Алынган төл:
- негизги тубар мегилжинден;
- текшерилүүчү мегилжинден
баш
Жаныбардын жеке идентификациялык номери
№
Тирүү салмагы:
- өндүргүч каман;
- тубар мегилжиндер
кг
Жаш торопойлор 100 кг салмакка жеткен мезгили
күндөр
Жасалма уруктандыруу:
- тубар мегилжин;
- толуктоочу жаш мегилжин
баш
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- каман;
- тубар мегилжин;
- урук
баш баш доза
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- каман;
- тубар мегилжин;
- урук
баш баш доза
2.1. Жасалма уруктандыруу уюмундагы чочколордун породалары 1.3-пунктундагы формага ылайык
3. Кой, эчкинин породасы ___________________________________
Малдын саны, жыл башына:
- жалпысы:
- өндүргүчтөр;
баш
- тубарлар
жыл аягына:
- жалпысы:
- өндүргүчтөрү;
баш
- тубарлар
100 баштан алынган төл
баш
Кыркылган жүн (таралган тыбыт):
- 1 баштан;
- өндүргүчтөн
кг
Орточо тирүү салмагы:
- өндүргүч мал;
- тубар мал;
- толуктоочу эркек мал;
- толуктоочу ургаачы мал
кг
Малдын жеке идентификациялык номери
№
Сүт багытындагы породасынан саап алынган сүт
кг
Тукуму боюнча бааланган өндүргүчтөрдүн болушу
баш
Тубар малды жасалма уруктандыруу
баш
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- эркек;
- ургаачы
баш
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- эркек;
- ургаачы;
- урук
баш
доза
3.1. Жасалма уруктандыруу уюмундагы кой, эчкилердин породалары: 1.3-пунктунун формасына ылайык
3.2. Түйүлдүктү трансплантациялоо уюмундагы кой, эчкилердин породалары: 1.4-пунктунун формасына ылайык
4. Жылкылардын породасы __________________________________
Малдын саны, жыл башына:
- өндүргүч айгыр;
- бээ;
баш
жыл аягына:
- өндүргүч айгыр;
- анын ичинде Асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине катталганы;
- бээ;
- анын ичинде Асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебине катталганы
баш
100 баш бээден алынган төл
Азыктуу породалар үчүн:
- 1 баштан саап алынган сүт;
- жаш малдын сатууда тирүү салмагы
кг
Тукуму боюнча бааланган өндүргүч айгырлардын болушу
баш
Малдын жеке идентификациялык номери
№
Малдын кличкасы
-
Бээлерди жасалма уруктандыруу
баш
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- айгырлар;
- ургаачы малдар
баш
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- айгырлар;
- ургаачы малдар
баш
5. Тоок, каз, күрп, өрдөктүн породасы (белгилеп коюу) _____________________________
Өндүрүмдүүлүк багыты ___________________________
Орточо жылдык саны.
- короз;
- тоок
баш
Жыл аягындагы саны:
- короз;
- тоок
баш
1 тооктон жылдык орточо өндүрүлгөн жумуртка
даана
Тирүү салмагы:
- жаш канаттуулар ___ күндүк жашында;
- жетилген канаттуулар;
- союлганда
грамм
_____ жумалык жашындагы тооктон өндүрүлгөн жумуртканын салмагы
грамм
Сактап калуу:
- жетилген канаттуулар;
- балапандар
%
Уюмда инкубацияга колдонулган асыл тукум жумурткалар
миң даана
Балапан чыгаруу (инкубацияга салынган жумурткалардан)
%
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- жумуртка;
- бир суткалык балапан;
- 7ден көп күндүк балапан
миң даана баш баш
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- жумуртка;
- бир суткалык балапан;
- 7ден көп күндүк балапан
миң даана баш баш
6. Бал аарылар породасы _________________________________
Бал аарылар бүлөсүнүн саны:
- жыл башына;
- жыл аягына
даана
Бал аарылар бүлөсүнүн идентификациялык номери
№
Бал аарылар бүлөсү өндүргөн бал
кг
Бал аарыны жасалма (инструменталдык) уруктандыруу
баш
Кыш мезгилине туруктуулук (аарынын кыш мезгилине өтүүсү)
%
Асыл тукум продукциясын сатуу:
- эне аары;
- аарыпакет;
- аары бүлөсү
баш даана даана
Асыл тукум продукциясын сатып алуу:
- эне аары;
- аарыпакет;
- аары бүлөсү
баш даана даана
Толтурулган күнү ______________________ Колу ________________________________ (аты-жөнү) Уюмдун мөөрү _____________________________________ ээлеген кызматы Анкетанын түп нускасы асыл тукум иштерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.07.2015 · № 516
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 607 "Мамлекеттик асыл тукум каттоо жөнүндө жобону жана Асыл тукум жаныбарлардын жана үйүрлөрдүн…Постановление · 15.11.2023 · № 607
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон