4-берене. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 07.04.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44.
1. Мамлекеттик асылдандыруу ишканаларында асылдандыруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте ишке ашырылат.
2. Асылдандыруу ишинин субъектилерин, асылдандыруу иши боюнча фундаменталдык, прикладдык илимий изилдөөлөрдү, жаңы технологияларды, аспаптарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши жаатындагы кадрларды даярдоону жана кайрадан даярдоону каржылоо - мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынуучу мамлекеттик программалардын негизинде ишке ашырылат.
3. Асылдандыруу ишин жүргүзүүчү мамлекеттик ишканалар айыл чарба багытындагы мамлекеттик жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.
4. Мамлекеттик асыл тукум ишканаларынын жери, негизги каражаттары, айыл чарба жаныбарларынын тукумдук өзөгү мамлекеттик менчик болот жана аларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202519/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>