3-берене. Асыл тукум жаныбарлары бар асылдандыруу ишинин субъекттеринин милдеттери
Күчүн жоготкон · 07.04.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44.
Асылдандыруу ишинин субъектилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- селекциялык-асылдандыруу ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын асыл тукум ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарлардын жогорку продуктулуу жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын жана тукумдарын чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- айыл чарба жаныбарларынын колдо болгон генофондун сактоо жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды каттоого, идентификациялоого, асыл тукумдук документтерди жүргүзүүгө жана асыл тукум продукцияга (материалга) экспертиза жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларга жана асыл тукум продукцияга бонитировка жүргүзүүгө;
- асыл тукум жаныбарларды жана асыл тукум продукцияны сатуу боюнча көргөзмөлөрдү, мал көрсөтүүлөрдү, кароолорду, аукциондорду жана конкурстарды уюштурууга катышууга.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202519/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>