Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-12.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2005-жылдын 13-августу № 149 Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 4-майындагы № 74, 2020-жылдын 17-августундагы № 136, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (Преамбула КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: ВИЧ - адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу; ВИЧ-инфекция - адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу козгоочу дарт; СПИД - иммуножетишсиздигин жугузуунун синдрому - адамдын иммуножетишсиздигинин тутумунун адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен өтө терең жабырлануусун шарттаган ооруну козгоочу ВИЧ-инфекциянын акыркы баскычы; ЛЖВС - ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар - оорунун ачык байкалбаган баскычында, ошондой эле адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен иммундук тутуму терең жабыркаган баскычында да адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдар; ЛПВС - ВИЧ/СПИДден жабыркаган адамдар - алардын туугандарынын жана жакын адамдарынын ВИЧ/СПИДди жуктуруп алганына байланыштуу моралдык жана мүлк жагынан зыян тарткан адамдар; ВИЧти медициналык текшерүү - тесттөөгө чейинки жана тесттөөдөн кийинки психосоциалдык кеңеш берүү менен коштолгон, адамды иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуусун текшерүү; ВИЧти купуя текшерүү - адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтпөстөн жана текшерилип жаткан адамдын жеке маалыматтарын билдирбестен ВИЧти жуктуруп алууну өз ыктыяры менен медициналык текшерүү; ВИЧти жашыруун текшерүү - ВИЧти жуктуруп алууну медициналык текшерүү, бул учурда текшерилип жаткан адамга ВИЧке текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө маалыматтар жана анын жыйынтыктары купуя калуу кепилдиги берилет; ВИЧти милдеттүү текшерүү - адамдардын макулдугу менен ВИЧти жуктуруп алуусун медициналык текшерүү бул белгилүү аракеттерди жасоо жана жарандардын айрым категориялары үчүн милдеттүү болуп саналган талаптар; ВИЧти мажбурлап текшерүү - адамдын макулдугусуз, тергөө органдарынын токтомунун негизинде соттун чечими боюнча ВИЧти жуктуруп алуусун медициналык текшерүү; писихосоциалдык кеңеш берүү - текшерилүүчү адам менен психоэмоциаоналдык стрессти жеңүүгө мүмкүндүк берүүчү жана ВИЧ/СПИДге байланыштуу чечимди кабыл алууда колдоо көрсөтүүчү адамдын ортосундагы купуя сүйлөшүү. ВИЧ инфекциясы учурундагы психосоциалдык кеңеш берүү процесси тестке чейинки жана тесттен кийинки кеңеш берүүлөрдөн турат; стигма - "тамга", "жарлык"; стигматизациялоо - ВИЧ/СПИДге байланыштуу адамга жарандардын тобуна алардын кадыр-баркын төмөндөтүүчү касиет; кодулоо - ВИЧ/СПИДге чалдыккандыгы боюнча ЛЖВС жана ЛПВС адамдардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алуу; өксүк топтор - алардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турумдарынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, тактап айтканда, сактануусуз жыныстык катнаш же баңгизаттарын кантамырга сайышкан коомдук саламаттыкка өзгөчө коркунуч туудуруучу, ВИЧ инфекциясынын таралуу тобокелчилиги бир кыйла чоң адамдардын тобу. 11- статья. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында ВИЧ/СПИДдин таралышынын алдын алуу, ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын тутумун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу тартибин аныктайт. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья
2-статья. ВИЧ/СПИД жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ВИЧ/СПИД жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынган дагы башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. (2-бөлүк КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) ВИЧ/СПИД маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты ушул Мыйзамды, башка мыйзамдарды жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын аткарууну уюштуруу жолу менен ишке ашырылат. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44, 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Мамлекеттин кепилдиктери Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет: ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүүгө; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча калкка үзгүлтүксүз анык маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берип турууга; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча билим берүү уюмдарынын окуу программаларына тематикалык бөлүмдөрдү киргизүүгө; медициналык процедуралардын, диагноз коюу, дарылоо жана илимий максаттарга колдонулуучу биологиялык суюктуктардын жана ткандардын коопсуздугун камсыз кылууга; тесттөөгө чейинки жана тесттөөдөн кийинки кеңеш берүүлөрдү өткөрүү менен ВИЧ-инфекциясын табуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө; акысыз анонимдүү медициналык текшерүүгө; ВИЧке медициналык текшерүүнүн жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын купуялыгына; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү Комитети менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды саламаттык сактоо уюмдарында акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медико-санитардык жардамдардын бардык түрлөрүн жана дары-дармек менен камсыз болууну пайдаланууну камсыз кылууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ЛЖВС жана ЛПВСтерди социалдык жактан коргоого; мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жугузган балдардын ата-энелерине акчалай компенсацияны төлөөгө; ВИЧ/СПИДди жуктуруп алуу тобокелчилиги бар медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди жеке коргонуу каражаттары жана коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууга; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн адистерди даярдоого; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө; ВИЧ/СПИД маселелерин чечүүгө багытталган коомдук жана кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүүгө; ВИЧ/СПИД боюнча жүзөгө ашырылып жаткан чаралардын ачык-айкындыгын камсыз кылууну. Эларалык кызматташууну өнүктүрүүгө, ВИЧ/СПИД боюнча эларалык программалардын алкагындагы маалымат жана тажрыйба менен үзгүлтүксүз алмашып турууга; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча чараларды жүзөгө ашырууга ишканалар, мекемелер, уюмдар, анын ичинде коммерциялык эмес жана эларалык уюмдар, ошондой эле четөлкөлүк жарандарды кошуп алганда, жеке адамдар да катыша алышат. Мамлекет тарабынан андай программаларды жүзөгө ашырууда аталган юридикалык жана жеке жактарды колдоо кепилдикке алынат. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья
4-статья. ВИЧ/СПИД боюнча иштерди каржылоо ВИЧ/СПИД боюнча максаттуу программаларды, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат: Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын; кредиттердин, гранттардын жана максаттуу фонддордун каражаттарынын; Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте медициналык камсыздандырууга багытталуучу каражаттардын; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун дагы башка булактарынын.
II бөлүм. Жарандардын укуктары жана милдеттери
5-статья
5-статья. Жарандардын ВИЧ/СПИД жагындагы укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Респубыликасынын аймагында жашап турушкан же жүрүшкөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга: алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында ыктыярдуу купуя түрдө, ВИЧке медициналык текшерүүдөн өтүү; ВИЧ/СПИД жана аны алдын алуу чаралары жөнүндө кепилденген эң аз анык маалыматтарды алуу; алдын алуу программаларына катышуу жана алдын алуу каражаттарын (дезинфекциялоочу каражаттарды, таза шприцтерди, ийне жана презервативдерди) алуу; ВИЧ/СПИД боюнча адистештирилген, квалификациялуу жардам алуу укугу берилет;
- оорулууларга оорунун терминалдык стадиясында врачтын байкоосу астында медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алуу.
Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турушкан же жүрүшкөн четөлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттерди аткарышат. (КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан (ЛЖВС) адамдардын укуктары жана милдеттери ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар бүткүл социалдык-экономикалык, саясий, жеке укуктарга жана эркиндиктерге толук ээ болушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттерди аркалашат. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар төмөнкүлөргө укуктуу: ушул ооруга байланыштуу адамдык кадыр-баркты басмырлоону жокко чыгарган урмат-сыйлуу жана гумандуу мамилеге; сапаттуу медико-санитардык жардам алууга жана мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык, бекер жана жеңилдетилген шарттарда дары-дармектер менен акысыз камсыз болууга; ыктыярдуу, анонимдүү жана купуя медициналык текшерүүдөн өтүүгө; ВИЧ/СПИДге текшерүүнүн тартиби жана анын жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат алууга, ошондой эле тестке чейинки жана тесттен кийинки психо-социалдык кеңештерди алууга; өз укуктары, өз оорусунун мүнөзү жана колдонулуп жаткан байкоолордун жана дарылоонун усулдары жөнүндө анык жана толук маалымат алууга; мыйзамдарда белгиленген тартипте социалдык жактан камсыз болууга жана тейлөөгө; квалификациялуу юридикалык жардам жана психологиялык колдоо алууга; сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууга; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын тизмеде аныкталган адистиктерден жана кызматтардан башка, кесиптик билимге ээ болууга, тандап алган кесиби боюнча эмгектенүүгө жана кайра даярдоодон өтүүгө; медициналык текшерүүдөн, дарылануудан жана байкоодон өткөн учурда врачты жана саламаттык сактоо уюмун эркин тандап алууга. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды медициналык каражаттарды жана ыкмаларды сыноо объекти катары, илим изилдөө же окуу процесстери үчүн фотосүрөткө, видеого же киного тартуу алардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар ВИЧ-инфекциясынын башка адамга жугуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Өзүндө ВИЧ-инфекциясы бар экенин билген адам башка адамды (же бир нече адамды) алдын ала билип туруп ВИЧтин жугуу коркунучунда калтырса, же болбосо жуктурса Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул ишке күнөөлүү болгон адам инфекция жуккан адамга медициналык жана социалдык жактан жардам көрсөтүүгө байланышкан зыяндардын ордун да толтуруп берет.
III бөлүм. ВИЧти медициналык текшерүүдөн өткөрүү. СПИДге чалдыккандарга (ЛЖВС) алдын ала байкоо жүргүзүү
7-статья
7-статья. ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн түрлөрү Кыргыз Республикасында медициналык текшерүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү каралган:
- ыктыярдуу;
- милдеттүү;
- мажбурлоо.
Ыктыярдуу медициналык текшерүү маалымдалган, аң-сезимдүү негизде текшерүүдөн өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен анонимдүү жана купуя жүргүзүлөт. ВИЧке купуя медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары ачык жарыя кылынбайт жана текшерүүдөн өткөн адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт. Милдеттүү медициналык текшерүү купуя жүргүзүлөт. ВИЧке мажбурлап текшерүү аны дайындоо жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун негизинде соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт. Мындай текшерүүнүн фактысы жана анын жыйынтыктары да мыйзам менен корголо турган купуя мүнөздө болот. ВИЧке ар кандай медициналык текшерүү тестке чейинки жана тесттен кийинки психо-социалдык кеңештерди жүргүзүү менен коштолот. ВИЧке байланыштуу психо-социалдык кеңештерди өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн тышкары, текшерүүдөн өтүп жаткан адам медициналык текшерүүнүн каалаган баскычында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. ВИЧке милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүү Төмөндөгүлөр ВИЧке милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш: кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору; эларалык келишимдерде каралган учурларда четөлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар; кесиптик иши ВИЧке милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүү каралган адамдар. Милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган болсо, иш берүүчүлөр кызматкерлерден ВИЧке текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө расмий медициналык корутундуну талап кылууга укугу жок. Милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүү текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
9-статья
9-статья. ВИЧке медициналык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби ВИЧке медициналык текшерүү мамлекеттик, муниципалдык же жеке саламаттык сактоо мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. 14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. 18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. ВИЧке медициналык текшерүүнү өткөргөн учурда аны кандайдыр бир мажбурлоо, текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын макулдугусуз же ага күч колдонуп, психологиялык жана моралдык жактан кысым көрсөтүп, ошондой эле текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын көзкаранды абалынан пайдалануу менен жүргүзүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын талаптары боюнча аларда ВИЧ/СПИДдин бар же жок экендиги жөнүндө ВИЧке медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий медициналык корутундуларды берүү мыйзамда белгиленген тартипте лицензиясы бар жана аккредиттелген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жүргүзүлөт. Тигил же бул адамдын иммуножетишсиздик вирусуна чалдыккандыгы же анын ВИЧ-инфекциясы менен ооругандыгы жөнүндө маалыматтар мыйзам менен корголуучу кызматтык сырды түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык колтийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдаланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кыматкерлерин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуусун текшерүү алар кайрылган учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды эсепке алуунун жана медициналык көзөмөлдөөнүн эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Четөлкөлүк жарандарды административдик чыгарып жиберүү Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн четөлкөлүк жарандар ВИЧке милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен административдик чыгарылып жиберүүгө тийиш.
IV бөлүм. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды жана ВИЧ/СПИДден жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо
11-статья
11-статья. ЛЖВС жана ЛПВСтерди социалдык жактан коргоо 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес. ВИЧ/СПИДге чалдыккан, майыптыгы аныкталган адамдарга майыптык боюнча пенсия, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия менен камсыз кылынууга укугу жок болгон учурда социалдык жөлөкпул дайындалат. ВИЧ/СПИДге чалдыккан 14 жашка чейинки балдардын ата-энелеринин бири же аны иш жүзүндө багып жаткан адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө менен стационарларда бирге болууга укуктуу. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуз! КР 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамына ылайык, берилген статьянын 1-бөлүмүнүн жоболору 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы табылган күнгө карата жашы жете элек балдарга карата жайылтылат. Караныз: ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген)
12-статья
12-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдарды социалдык жактан коргоо ВИЧ/СПИД дарты аныкталган эки жашка чейинки балдар майып бала деп табылат. ВИЧ-инфекциясына чалдыккан жана СПИД менен ооруган балдарга катталган учурдан тартып, ал эми ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга төрөлгөндөн тартып 18 айга толгонго чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөкпул белгиленет. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар бир жашка чыкканга чейин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен эне сүтүн алмаштыруучу азыктар менен камсыз кылынат. ВИЧ/СПИДге чалдыккан эки жаштан ашкан балдар медико-социалдык эксперттик комиссиядан жалпы негиздерде текшерүүдөн өтөт. ВИЧ/СПИДге чалдыккан, клиникаларда, реабилитациялык борборбордо же байланыштуу үй шарттарында жүргөн балдар жалпы билим берүү мектебинин же башталгыч кесиптик билим берүү курстарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен атайын программалар боюнча окууга укуктуу. ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдарды балдардын мектепке чейинки мекемелерине, мектептерге, интернаттарга жана денсоолукту чыңдоо санаторияларына кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдардын укуктарын чектөөгө жана аларга белги коюуга тыюу салуу ЛЖВС жана ЛПВСтерди кемсинтүүгө жана аларга белги коюуга, ошондой эле алардын ВИЧ-инфекциясына чалдыкканына байланыштуу алардын мыйзамдуу таламдарын, укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтүүгө жол берилбейт. Төмөнкүлөрдөн баш тартууга жол берилбейт: атайын тизмеде белгиленген кесиптик иштин айрым түрлөрүнөн башка учурларда эмгек келишимин түзүүдөн же токтотуудан; билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарына кабыл алуудан.
V бөлүм. Кызматтык милдеттерин аткарган учурда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуу тобокелчилигине туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоо
14-статья. ВИЧ-инфекциясын, СПИДди кесиптик ооруларга кошуу Медициналык, фармацевтик, социалдык же дагы башка кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуусу кесиптик оорулардын категориясына кирет. Аталган адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө жеңилдиктер берилет жана мамлекеттик жөлөкпулдар төлөнөт. ВИЧ-инфекциясына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан жана ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга дарылоо жардамдарын көрсөтүп жаткан кызматкерлердин, ошондой эле ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдардын каны жана башка биологиялык материалдары менен иштеген кызматкерлерди саламаттык сактоо уюмдарынын администрациялары ал кызматкерлерди зарыл болгон керектүү коргоо каражаттары менен камсыз кылууга, ВИЧке чалдыкпаганын табуу максатында үзгүлтүксүз иликтеп турууга милдеттүү. Жумуш берүүчүлөр, алардын менчигинин түрүнө карабастан, өз кызматкерлерин ВИЧ/СПИД жана зарыл болгон учурда жумуш орундарында алардан коргонуунун чаралары жөнүндөгү маалыматтар менен камсыз кылууга милдеттүү.
15-статья. Эмгек жагындагы жеңилдиктер ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга медициналык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү ВИЧ-инфекциясын лабораториялык диагностикалоо оору жуккан материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөө жүргүзүү, диагностика үчүн биологиялык дары-дармектерди жасоо, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген кызматкерлерге эмгек акысына кошумча акы белгиленет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызматтардын Тизмегине ылайык ар жылы кошумча өргүүгө укук берилет.
VI бөлүм. Корутунду жоболор
16-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу белгиленген тартипте тартиптик, администрациялык, кылмыш-жазык жана жарандык укуктук жоопкерчиликке кириптер кылат.
17-статья. Кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине даттануу тартиби ЛЖВС жана ЛПВСтердин укуктарын бузган кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине же аракетсиздиктерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанышы мүмкүн.
18-статья. Кыргыз Республикасынын эларалык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД жагындагы башка мамлекеттер менен эларалык кызматташтыгынын тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
19-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. "Кыргыз Республикасында СПИДдин алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 19-декабрындагы № 62 Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
3. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 35
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 27-январындагы (Б.И.К. кызыкчылыгында Айнура Мусаевна Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Сот практикасы · Решение · 27.01.2021 · № 03-р
Цитата келтиргендер (23)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 27-январындагы (Б.И.К. кызыкчылыгында Айнура Мусаевна Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Решение · 27.01.2021 · № 03-р
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа (Кыргыз Республикасынын…Программа · 06.07.2006 · № 498
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 35-б (2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз…Распоряжение · 01.03.2019 · № 35-р
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-январындагы №1533-V "ВИЧ менен жашаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө"…Постановление · 21.01.2012 · № 1533-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 "ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана…Постановление · 25.12.2024 · № 795
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлу № 387 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.07.2019 · № 387
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 22.01.2020 · № 17
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому…Положение · 25.04.2006 · № 296 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга карата АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча Мамлекеттик Программа" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867…Программа · 29.12.2012 · № 867 · Күчүн жоготкон
- Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз…Положение · 25.04.2006 · № 296 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 683 "ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.10.2017 · № 683 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" Улуттук ПрограммасыПрограмма · 16.02.2006 · № 100 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июлу № 363-б (2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери…Распоряжение · 08.07.2009 · № 363-р · Күчүн жоготкон
- О профилактике СПИДа в Кыргызской РеспубликеЗакон · 19.12.1996 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №41 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.01.2010 · № 41 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2016 · № 596 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.08.2020 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 04.05.2017 · № 74 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (9)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- О профилактике СПИДа в Кыргызской РеспубликеЗакон · 19.12.1996 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 04.05.2017 · № 74 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 25.04.2006 · № 296 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.08.2020 · № 136 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (35)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 6-б "2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 28.01.2019 · № 6-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4575-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын июнундагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2021 · № 4575-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3873-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3873-VI
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 15.02.2021 · № 40
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-июнундагы № 3940-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2020 · № 3940-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4574-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 27-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 27.05.2021 · № 4574-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 4769-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы жыйналышынын күн тартиби бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2021 · № 4769-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 679 "Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД…Постановление · 15.12.2022 · № 679
- Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө Тартиби…Порядок · 15.12.2022 · № 679
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту ден табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2011 · № 266-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2306-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ" ("Күрɵɵ жɵнүндɵ"…Постановление · 27.09.2012 · № 2306-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.05.2019 · № 253
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 1241-VI "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 11.01.2017 · № 1241-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4599-VI "“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, “Кыргыз…Постановление · 27.05.2021 · № 4599-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 4809-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында…Постановление · 29.07.2021 · № 4809-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 1450-VI "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 30.03.2017 · № 1450-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 1345-VI "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 15.02.2017 · № 1345-VI
35 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.