Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Мамлекеттин кепилдиктери
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
Мамлекет тарабынан төмөнкүлөргө кепилдик берилет: ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүүгө; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча калкка үзгүлтүксүз анык маалыматтарды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берип турууга; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча билим берүү уюмдарынын окуу программаларына тематикалык бөлүмдөрдү киргизүүгө; медициналык процедуралардын, диагноз коюу, дарылоо жана илимий максаттарга колдонулуучу биологиялык суюктуктардын жана ткандардын коопсуздугун камсыз кылууга; тесттөөгө чейинки жана тесттөөдөн кийинки кеңеш берүүлөрдү өткөрүү менен ВИЧ-инфекциясын табуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө; акысыз анонимдүү медициналык текшерүүгө; ВИЧке медициналык текшерүүнүн жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын купуялыгына; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү Комитети менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды саламаттык сактоо уюмдарында акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медико-санитардык жардамдардын бардык түрлөрүн жана дары-дармек менен камсыз болууну пайдаланууну камсыз кылууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ЛЖВС жана ЛПВСтерди социалдык жактан коргоого; мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жугузган балдардын ата-энелерине акчалай компенсацияны төлөөгө; ВИЧ/СПИДди жуктуруп алуу тобокелчилиги бар медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди жеке коргонуу каражаттары жана коопсуз эмгек шарттары менен камсыз кылууга; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн адистерди даярдоого; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө; ВИЧ/СПИД маселелерин чечүүгө багытталган коомдук жана кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүүгө; ВИЧ/СПИД боюнча жүзөгө ашырылып жаткан чаралардын ачык-айкындыгын камсыз кылууну. Эларалык кызматташууну өнүктүрүүгө, ВИЧ/СПИД боюнча эларалык программалардын алкагындагы маалымат жана тажрыйба менен үзгүлтүксүз алмашып турууга; ВИЧ/СПИД маселелери боюнча чараларды жүзөгө ашырууга ишканалар, мекемелер, уюмдар, анын ичинде коммерциялык эмес жана эларалык уюмдар, ошондой эле четөлкөлүк жарандарды кошуп алганда, жеке адамдар да катыша алышат. Мамлекет тарабынан андай программаларды жүзөгө ашырууда аталган юридикалык жана жеке жактарды колдоо кепилдикке алынат. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1747/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>