Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 15-декабры № 679 Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга финансылык каражаттарды издөө боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө Тартиби…Порядок · 15.12.2022 · № 679
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 "ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана…Постановление · 25.12.2024 · № 795
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон