Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан (ЛЖВС) адамдардын укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар бүткүл социалдык-экономикалык, саясий, жеке укуктарга жана эркиндиктерге толук ээ болушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттерди аркалашат. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар төмөнкүлөргө укуктуу: ушул ооруга байланыштуу адамдык кадыр-баркты басмырлоону жокко чыгарган урмат-сыйлуу жана гумандуу мамилеге; сапаттуу медико-санитардык жардам алууга жана мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык, бекер жана жеңилдетилген шарттарда дары-дармектер менен акысыз камсыз болууга; ыктыярдуу, анонимдүү жана купуя медициналык текшерүүдөн өтүүгө; ВИЧ/СПИДге текшерүүнүн тартиби жана анын жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат алууга, ошондой эле тестке чейинки жана тесттен кийинки психо-социалдык кеңештерди алууга; өз укуктары, өз оорусунун мүнөзү жана колдонулуп жаткан байкоолордун жана дарылоонун усулдары жөнүндө анык жана толук маалымат алууга; мыйзамдарда белгиленген тартипте социалдык жактан камсыз болууга жана тейлөөгө; квалификациялуу юридикалык жардам жана психологиялык колдоо алууга; сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууга; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын тизмеде аныкталган адистиктерден жана кызматтардан башка, кесиптик билимге ээ болууга, тандап алган кесиби боюнча эмгектенүүгө жана кайра даярдоодон өтүүгө; медициналык текшерүүдөн, дарылануудан жана байкоодон өткөн учурда врачты жана саламаттык сактоо уюмун эркин тандап алууга. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды медициналык каражаттарды жана ыкмаларды сыноо объекти катары, илим изилдөө же окуу процесстери үчүн фотосүрөткө, видеого же киного тартуу алардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар ВИЧ-инфекциясынын башка адамга жугуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Өзүндө ВИЧ-инфекциясы бар экенин билген адам башка адамды (же бир нече адамды) алдын ала билип туруп ВИЧтин жугуу коркунучунда калтырса, же болбосо жуктурса Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул ишке күнөөлүү болгон адам инфекция жуккан адамга медициналык жана социалдык жактан жардам көрсөтүүгө байланышкан зыяндардын ордун да толтуруп берет.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1747/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>