1-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 10.
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: ВИЧ - адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу; ВИЧ-инфекция - адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу козгоочу дарт; СПИД - иммуножетишсиздигин жугузуунун синдрому - адамдын иммуножетишсиздигинин тутумунун адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен өтө терең жабырлануусун шарттаган ооруну козгоочу ВИЧ-инфекциянын акыркы баскычы; ЛЖВС - ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар - оорунун ачык байкалбаган баскычында, ошондой эле адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен иммундук тутуму терең жабыркаган баскычында да адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдар; ЛПВС - ВИЧ/СПИДден жабыркаган адамдар - алардын туугандарынын жана жакын адамдарынын ВИЧ/СПИДди жуктуруп алганына байланыштуу моралдык жана мүлк жагынан зыян тарткан адамдар; ВИЧти медициналык текшерүү - тесттөөгө чейинки жана тесттөөдөн кийинки психосоциалдык кеңеш берүү менен коштолгон, адамды иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуусун текшерүү; ВИЧти купуя текшерүү - адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтпөстөн жана текшерилип жаткан адамдын жеке маалыматтарын билдирбестен ВИЧти жуктуруп алууну өз ыктыяры менен медициналык текшерүү; ВИЧти жашыруун текшерүү - ВИЧти жуктуруп алууну медициналык текшерүү, бул учурда текшерилип жаткан адамга ВИЧке текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө маалыматтар жана анын жыйынтыктары купуя калуу кепилдиги берилет; ВИЧти милдеттүү текшерүү - адамдардын макулдугу менен ВИЧти жуктуруп алуусун медициналык текшерүү бул белгилүү аракеттерди жасоо жана жарандардын айрым категориялары үчүн милдеттүү болуп саналган талаптар; ВИЧти мажбурлап текшерүү - адамдын макулдугусуз, тергөө органдарынын токтомунун негизинде соттун чечими боюнча ВИЧти жуктуруп алуусун медициналык текшерүү; писихосоциалдык кеңеш берүү - текшерилүүчү адам менен психоэмоциаоналдык стрессти жеңүүгө мүмкүндүк берүүчү жана ВИЧ/СПИДге байланыштуу чечимди кабыл алууда колдоо көрсөтүүчү адамдын ортосундагы купуя сүйлөшүү. ВИЧ инфекциясы учурундагы психосоциалдык кеңеш берүү процесси тестке чейинки жана тесттен кийинки кеңеш берүүлөрдөн турат; стигма - "тамга", "жарлык"; стигматизациялоо - ВИЧ/СПИДге байланыштуу адамга жарандардын тобуна алардын кадыр-баркын төмөндөтүүчү касиет; кодулоо - ВИЧ/СПИДге чалдыккандыгы боюнча ЛЖВС жана ЛПВС адамдардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алуу; өксүк топтор - алардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турумдарынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, тактап айтканда, сактануусуз жыныстык катнаш же баңгизаттарын кантамырга сайышкан коомдук саламаттыкка өзгөчө коркунуч туудуруучу, ВИЧ инфекциясынын таралуу тобокелчилиги бир кыйла чоң адамдардын тобу. 11- статья. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында ВИЧ/СПИДдин таралышынын алдын алуу, ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын тутумун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу тартибин аныктайт. (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №41 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.01.2010 · № 41 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2016 · № 596 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1747/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>