Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 декабря 2024 года № 795 "О вопросах общественного здравоохранения и охраны здоровья граждан в области ВИЧ и гемоконтактных вирусных гепатитов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-25.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген
Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык) Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14- жана 15-статьяларына ылайык иштелип чыккан жана кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу тобокелине туш болгон адамдарды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу тартибин аныктайт.
1. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда медициналык, фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлердин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгышы кесиптик оорулардын категориясына кирет.
Кесиптик оорулар - эмгектин зыяндуу шартынын таасиринени улам келип чыккан ооруу. Өтүшкөн кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун (нөөмөт ичинде) бир жолку таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору. Өнөкөт кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун көп жолку жана узак таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору. Кызматкерге кесиптик оору же алардын эмгектик милдеттерин аткаруу менен байланышкан денсоолугуна башкача зыян келтирүүнүн ордун толтуруу боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Зыяндын ордун толтуруу эрежелери менен жөнгө салынат. Кесиптик оорунун пайда болушуна иш берүүчүнүн күнөөсүн аныктоо үчүн кызматкердин санитардык чечемдерден четтеген шартта болушунун фактысы белгиленүүгө тийиш. Иштөө мезгили жылдагы жумушчу убакыттын кеминде 80 процентин түзүүгө тийиш. Эгерде кесиптик оорунун келип чыгышы же анын күчүркөшү иш берүүчү тараптан эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыктан улам болсо (коргоо каражаттары колдонулбаса), анда иш берүүчү денсоолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик оорунун пайда болушунун себептерин жана шарттарын атайын териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте саламаттыкты сактоо жана башка мекемелердин администрациясынын жана кесиптик бирлик уюмунун катышуусу менен санэпидстанциянын (санэпидкөзөмөл борборунун) врачы тарабынан жүргүзүлөт. Кесиптик оорунун кесепетинен денсоолугуна зыян келген адамдын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын аныктоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жалпы негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) жүргүзөт.
2. Калкты ВИЧке лабораториялык диагноздоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана байкоо жүргүзүүнү ишке ашырган саламаттык сактоо системасынын уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка жардам көрсөткөн же инфекциялык материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана денсоолукка коркунучтуу эмгек шарттарын диагноздоо үчүн биологиялык дарыларды чыгаруу менен байланышкан мекемелер менен уюмдардын кызматкерлерине:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтому менен белгиленген базалык кызматтык маянанын 40 проценти өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
- жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы жумасына 36 сааттан ашпайт жана ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүсү 42 календарлык күнгө (денсоолук үчүн коркунучтуу эмгек шартында иштегендиги үчүн ар жылдык кошумча өргүүнү эске алуу менен) белгиленет.
Үстөк акыларды төлөп берүү иши тийиштүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жеңилдиктерди белгилөөгө укук берген денсоолук үчүн коркунучтуу эмгек шарты бар уюмдардын, өндүрүштөрдүн кызматкерлеринин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тиркелген Тизмесине ылайык жүргүзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Толук жумушчу күнү ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдарга медициналык жана башка жардам көрсөткөн, калкты ВИЧ-инфекцияга лабораториялык диагноздогон, инфекцияланган материалдарды колдонуу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери иши жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсияга чыгууга укук берген № 1 тизме боюнча адистиктер жана кызмат орундары боюнча иштерде, жер алдында иштеген өндүрүштөрдө, кызмат орундарында, өзгөчө зыяндуу жана эмгек шарты оор иштерде иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы боюнча пенсияга укуктуу.
СПИД жана ЛЖВС менен оруугандарды дарылоого арналган саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана мекемелердин адистештирилген бөлүмдөрүнүн, саламаттыкты сактоо органдары тарабынан СПИД жана ЛЖВС менен оорулуулардан келип түшкөн канды, материалдарды жана биологиялык суюктуктарды изилдөө тапшырылган саламаттыкты сактоо лабораторияларынын жана мекемелердин тобунун жана ВИЧке чалдыккан жана СПИД менен ооруган адамдарга туруктуу медициналык жана башка жардам көрсөткөн, ВИЧ-инфекцияны лабораториялык диагноздоо, инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле СПИДди дарылоо жана алдын алуу жагында иштеген кызматкерлерге жылына жумуш убактысынын (эсептик мезгилдин) жарымынын азында № 2 тизме боюнча пенсия дайындалат. ЛЖВС жана СПИД менен ооругандар менен туруктуу иштеген, ошондой эле инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана башка адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 1 тизмеси боюнча жеңилдетилген шартта курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу. ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдарга туруктуу жардам көрсөткөн, ВИЧке чалдыккан же СПИД менен ооруган адамдар менен иштеген, инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жогоруда аталган кызматкерлерге жылына жумуш убактысынын (эсептик мезгилдин) жарымынын азында № 2 тизме боюнча пенсия дайындалат. № 1 тизме боюнча пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү жумуш орундарын аттестациялоого ылайык жалпы негизде социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Жумуш орундарын аттестациялоону иш берүүчүлөр комиссиялык жол менен жүргүзөт. Комиссиянын курамына администрация, кесиптик бирлик комитетинин, мамлекеттик эмгек инспекциясынын, санэпидстанциялардын өкүлдөрү жана башка кызматкерлер кирет. Иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсияга чыгууга укук берген эмгектин зыяндуу жана оор шарттары менен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмеси боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү жеңилдетилген стаждын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жер боюнча иш берүүчү тарабынан жана кызматкердин пенсиялык куракка жеткенге чейин иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө жобого тиркеме Иши эмгек жагында жеңилдиктерге укук берген мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын жана кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
| N N | Мекемелердин, жана кызмат орундарынын аталыштары | Аткарылуучу иштин мүнөзү |
|---|---|---|
| 1 | СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мекемелер, анын ичинде калкты ВИЧ-инфекцияга текшерүү милде- ти жүктөлгөн лабораториялар: медици- налык кызматкерлердин кызмат орунда- ры, жетекчилер, адистер, кызматчылар жана жумушчу кесиптегилер | Диагностика, калктын канын ВИЧке лабораториялык изилдөөнүн бардык түрлөрү, изилдөө, дарылоо жана ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар- ды (ЛЖВС) түздөн-түз тейлөө |
| 2 | ЛЖВСны дарылоого арналган саламаттык- ты сактоо мекемелери жана мекемелер- дин адистештирилген бөлүмдөрү: меди- циналык кызматкерлердин кызмат орун- дары, жетекчилер, адистер, кызматчы- лар жана жумушчу кесиптегилер | ЛЖВСны дарылоо жана түздөн-түз тейлөө |
| 3 | 1 жана 2-пункттарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары саламаттыкты сактоо система- сынын мекемелери, ошондой эле башка ведомстволор жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү: медициналык кызматкерлер- дин кызмат орундары, жетекчилер, адистер, кызматчылар жана жумушчу ке- сиптегилер | Консультация берүүдө, карап чыгууда, медициналык жана со- циалдык жардам көрсөтүүдө, соттук-медициналык эксперти- залоодо жана башка иштерди жүргүзүүдө СПИД жана ЛЖВС ме- нен ооругандар менен тикелей байланышы болсо, эгерде күн сайын толук жумуш күнү алар менен болсо |
| 4 | Саламаттыкты сактоо органдары тарабы- нан СПИД жана ЛЖВС менен ооругандар- дан түшкөн кан, материалдар жана био- логиялык суюктуктарды изилдөө милдети жүктөлгөн саламаттыкты сактоо мекеме- лери жана мекемелердин тобу: медици- налык кызматкерлердин кызмат орунда- ры, жетекчилер, адистер, кызматчылар жана жумушчу кесиптегилер | СПИД жана ЛЖВС менен оорулуу- лардан түшкөн кан, материал- дар жана биологиялык суюктук- тарды лабораториялык изилдөө жүргүзүү, эгерде күн сайын толук жумуш күнү аларды жаса- са |
| 5 | Илим-изилдөө мекемелери жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү: илимий кызматкер- лердин кызмат орундары (жетекчилер, анын ичинде бөлүмдөрдүн жетекчилери, башкы, жетектөөчү, улук, кенже илимий кызматкерлер), илимий-техникалык кыз- маткерлердин кызмат орундары (улук лаборанттар), препараторлор, адистер, кызматчылар жана жумушчу кесиптегилер (анын ичинде жаныбарларды баккандар) | СПИД маселеси боюнча илимий иштерди аткарууга жана СПИД, ЛЖВС менен ооругандар жана ВИЧке чалдыккан материалдар (анын ичинде жаныбарлар) ме- нен иштөөгө тартуу, эгерде күн сайын толук жумуш күнү аларды жасаса |
| 6 | Медициналык иммунобиологиялык дары- ларды даярдоого карата бактериялык жана вирустук дары-дармектерди чыга- руу боюнча илимий-өндүрүштүк бирикме- лер, ишканалар (өндүрүштөр) жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде цехтер: медициналык кызматкер- лердин кызмат орундары, жетекчилер, адистер, кызматчылар жана жумушчу ке- сиптегилер | СПИДдин вирусу жана адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу- нан турган материалдар менен иштөө |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 "ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана…Постановление · 25.12.2024 · № 795
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 01.08.2003 · № 167 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 13 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 25.04.2006 · № 296 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бекитилген)Положение · 31.01.2012 · № 68
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2016 · № 675
- Положение о порядке подтверждения трудового стажа для назначения пенсий ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 июля 1995 года N 310)Положение · 25.07.1995 · № 310 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 июля 1995 года N 310 "Об утверждении Положения о порядке подтверждения трудового стажа для назначения пенсий"Постановление · 25.07.1995 · № 310 · Күчүн жоготкон