Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2021-жылдын 27-майы № 4599-VI “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С. Кодуранова, Н.В. Никитенко, А.Э. Самигуллина, И.Ю. Карамушкина, А.Т. Мамашова, А.Т. Алтыбаева, Р.М. Туманбаева, М.К. Жеенчороев, А.К. Касымалиева демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон